Кечээ 13-майда Жогорку Кеңеште кыргыз өкмөтүнүн 2019-жылга карата отчету каралды. Анда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев дээрлик бир саатка созулган докладын окуп чыкты. Андагы айтылган цифралардын баарына токтолуп отурбайлы, өкмөт башчынын докладынан кыскача мындай тыянак чыгарсак болот: «2018-жылга салыштырмалуу 2019-жылы экономикабыз бир топ өскөн» деген. Цифралар менен балким өсүштөр болуп жаткандыр, бирок эмнегедир ал элдин жашоо-шартынан, мамлекетибиздин тармактарындагы ишмердүүлүктөрдөн байкалбай жатканын кандай кылабыз?
Премьер-министрдин докладына парламенттеги «Республика – Ата Журт» фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев эң сонун аныктама берди: «Сиздин докладыңызга Махатхир жана Ли Куан Ю дагы суктана турган болду» деп. Махатхир Мохамад Малайзияны бүгүнкүдөй деңгээлге өстүргөн мамлекеттик жана саясий ишмер экени белгилүү. Ал 1981-2003-жылдары, андан кийин 2018-2020-жылдары Малайзиянын премьер-министрлик кызматын аркалаган.
Ал эми Ли Куан Ю 1959-жылдан 1990-жылга чейин Сингапурдун премьер-министри кызматын аркалап, бул өлкөнү таанылгыстай кылып өзгөртүп, экономикалык «чудо» жасаган улуу инсан.
Ал эми Мухаммедкалый Абылгазиев эки жыл ичинде бир дагы көзгө көрүнүктүү экономикалык долбоор да, реформа да ишке ашыра алган жок. Жыл сайын эле «Быйылкы жылга өтө чоң пландарыбыз бар» деп айтып келатат. Муну бүгүн да айтты.
Өкмөт башчынын депутаттар менен талаш-тартышка барбай, сылык-сыпаа сүйлөшүп, алар тарабынан айтылган ачуу сындарга да «Ооба, сиз туура айтып жатасыз, биз дагы ушул жагынан иштейли деген оюбуз бар» деп көңүлүн жайгара сүйлөй алган дипломатиялык сапаты мыкты. Балким, дал ушул сапат анын эки жылдан ашык убакыттан бери ээрден түшпөй келатканына себеп болуп жатса керек.
М. Абылгазиев өз докладында кабыл алынган мыйзамдар, алардын ичинде эл аралык келишимдердин ратификацияланышы тууралуу да айтты. Анын айтымында эл аралык келишимдердин негизинде Кыргызстанга 550 млн АКШ доллары келиптир. Анын 260 миллиону гранттык каражаттар. Албетте, эл аралык келишимдер аркылуу өлкөбүзгө гранттык жардам катары да, инвестиция катары да каражаттардын келип жатканы жакшы. Бирок, ошол сырттан келген каражаттарга эле мактанып отура берген жакшы натыйжа береби? Андан көрө ошол сырттан келген каражаттар кандай сарпталды, кайсыл иштер жасалды, кредитке келген каражаттарды өлкө экономикасын өнүктүрүү үчүн пайдалануу жана аны кайра өз убагында үстөгү менен кайтарып берүү үчүн кандай пландар түзүлдү деген суроолор кызык болсо керек. Же чет мамлекеттерден келген акчаларды бөлүштүрүп берип коюп эле мактана берсек болобу?
Премьер-министр өз докладында кыргызстандык спортчулардын эл аралык таймаштарда, чемпионаттарда жетишкен ийгиликтерин да өкмөттүн жетишкендиктеринин катарына кошуп алыптыр. Ошол эле убакта маданият, адабият жаатындагы чыгармачыл инсандарга кандай колдоо көрсөтүлгөнү тууралуу кеп жок.
Мамлекеттик бажы постторунда баары санариптешип калды, ар бир жүк ташыган унаа видеокөзөмөл аркылуу көзөмөлдөнүп турат дейт. Андай болсо контрабандалык жол менен күйүүчү-майлоочу майлар постту айланып өтүп кетип жатабы?
Качанкыга чейин кургак цифралар менен «курсак тойгузуп» жүрө беребиз? Иштей ала турган, демилгеси бар, ар бир жарым жылда көзгө көрүнө турган реформа, долбоор ишке ашыра турган өкмөткө качан ээ болобуз?
Канатбек Аскаров
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн