Кытайдын Ухань шаарынан жер бетине тараган коронавирус дүйнө жүзүндөгү адамзаттын жашоосун өзгөрттү. Коркунучтуу дарттын айынан көптөгөн мамлекеттер чек араларын жаап, анын натыйжасында миллиондогон мигранттардын абалы оорлошту, жолу торолду, иши токтоду. Чет жерде жүргөн жүз миңдеген кыргызстандыктардын жашоосун бул пандемия түйшүккө салды. Алардын көпчүлүгү кырдаалга моюн сунуп башка элде күн өткөрүп жатса, "башы көзүнө карабай" мекенине кайткандар чыкты.
Кыргызстан вирустун өлкөдө жайылып кетүүсүн алдын алуу максатында 25-мартта карантин
режимин кабыл алган. Ошол учурдан баштап кыргыз өкмөтү чет
өлкөлөрдө эмгектенип жүргөн өзүнүн жарандарын мекенине алып келүү жана жеринде
жардам берүү боюнча бир катар иштерди жүзөгө ашырып жатат. Инфекция каттала электе эле илдеттин алдын алуу, экономикалык кризистин кесепеттерин азайтуу максатында Республикалык эки штаб түзүлүп, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун жетекчилиги алдында иш алып барууда.
Кыргызстан өз жарандарын талаага таштабайт!
Буга чейин биринчи
вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдиргендей, Кыргызстанда коронавирустун
биринчи учуру катталгандан баштап 15-апрелге чейин Кореядан, Сауд Арабиясынан, Индиядан, Россиядан, Түркиядан жана башка
өлкөлөрдөн 6 365 жаран Бишкек, Ош жана Алмата
шаарларындагы аба майдандары аркылуу мекенге кайтарылган. Мындан сырткары 4381 мигрант ар
кайсы мамлекеттен кайтып келүүнү каалап жатканын айткан.
Кыргыз дипломаттары тикесинен-тик турууда
КР Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 16-апрелден бүгүнкү күнгө чейин дагы 1556 кыргыз жараны кайтып келип, бир ай ичинде жалпысынан 7888 мекендешибиз ата журтуна учуп келди. Алсак, Түркия мамлекетинен 17-апрель күнү 210, 24-апрелде 349 жаран кайтып келсе, 22-апрелде бийлик өкүлдөрү Новосибирск шаарынан учуп келген 176 кыргызстандык мигрантты тосуп алышты. Ал эми Бириккен Араб Эмираттарынан 178 мигрант 26-апрелде Бишкекке келип конду. Мындан тышкары Афганистандан 10 жаран Алматы аркылуу алынып келди. Аларды ташып келүүнү кыргыз дипломаттары башка өлкөлөрдөгү кесиптештери менен жүргүзүлгөн тынымсыз сүйлөшүүлөрдүн негизинде, атайын уюштурулган чартердик рейстер аркылуу ишке ашырды.
Сырттан келгендер аэропорттон Саламаттыкты сактоо министрлиги бекиткен алгоритмге ылайык текшерүүдөн өтүп, атайын дайындалган обсервацияларга жайгаштырылып жатат. Ошондой эле тиешелүү анализдери тапшырылып, алардын жыйынтыгы таза чыкмайын аныкталган убакытка чейин изоляцияда кармалууда.
Түркиядан келип, обсервацияга жайгашкан
мигранттардын бири Рыскелди кызы Анаранын айтуусунда, кыргыз өкмөтү өз
жарандарын мекенине алып келүүдө уюшкандык менен иш алып барууда жана обсервацияда шарттар жакшы түзүлгөн.
“Бир мисал айта кетсем, Анкарада менин ордумда иштегени Одина деген өзбек улутундагы эже калган. Мен кетип жатканда “кыргыз мигранттарын бийлик өзү уюштуруп алып кетип жатат. Сиздерди алып кеткен жокпу, өз өлкөңүзгө кетүүнү ойлогон жоксузбу” деп сураганымда, “жок, мен ал жөнүндө деле кызыккан жокмун, кетпей эле иштей берем” деп жооп айткан эле. Өзбек эли бийликке биздей болуп нааразычылыгын ачык айта беришпей, кандай болсо да өздөрүн мактап турушат”, - дейт Анара.
Мындан тышкары мекенине кайта албай калган тыштагы мигранттарды колдоо үчүн өкмөт чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүктөрүнө 20 млн сом бөлдү. Буга чейин Россиядагы мекендештерге убактылуу жашоосуна жардам берүү максатында 10 млн сом акча которгон.
Дагы да болсо Тышкы иштер министрлиги чет жерден келе элек бир катар өлкөлөрдөгү айрым жарандарды алып келүү боюнча май айына пландалган рейстерди уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантып жатат.
Коңшулар сыртта калган жарандарына кандай мамиле кылууда?
Тажикстанда болсо 19-апрель күнү “Азия-Плюс” басылмасынын Фейсбуктагы баракчасына Индиядан келе албай жаткан 90 жаран жана Түркияда калган 200дөн ашык тажик мигранты президент Эмомали Рахмонго расмий кайрылуу жазып, атайын борт менен алып кетүүсүн суранды. Алар Тажикстандын чек арасы жабылып калгандыгына байланыштуу өздөрү келе албай турганын айтып, Түркияда жана Индияда абалдын курчуп кетиши тынчсыздандырып жатканын билдиришкен. Мындан улам атайын борт уюштуруп берүүгө жалгыз президент гана жардам бере алат деп ишенишкен. Бирок Тажикстандын бийлигинин расмий жообу жарыяланган эмес.
Коронавирусту теңине албаган Беларустун президенти Александр Лукашенко өлкөдө коронавирустан каза тапкан бир да адам жок экенин, мындай дарттан киши өлбөй турганын билдирип келген. Акыркы кездери кырдаал оорлогон сайын баштапкы пикирин жумшартууда. Жакында эле ал сыртта жүргөн өз жарандарын Беларусияга кирүүгө убактылуу тыюу салды.
Москва шаарында курулуш тармагында эмгектенип жаткан Өзбекстандын Ходжент шаарынын тургуну Даулет Нуржанов өзүнүн бийлигине эч кандай дооматы жок. Ал мекенине кайтуу тууралуу талап да кылган жок. Учурда Россия бийлиги киргизген карантинден бери жумушу токтоп, иштеген жеринде күн кечирип жатышат. "Балким биз кетүүнү каалап, арыздансак алып кетишмек, бирок биз эч жерге кайрылган жокпуз. Жардам берсе алып коюп, бербесе унчукпай эле жатабыз. 10-майда иш башталат деп атат, буюрса ошол күндү күтүүдөбүз, - дейт Даулет.
Ошентсе да Өзбекстан менен Тажикстан Россияда иштеп жаткан 2 миллиондон ашуун жарандарын обочо кармоодо. Аларды алып келүү боюнча бир да чартердик рейс учкан жок.
Дүйнөлүк
пандемия шартында Кыргызстан өз жарандарына колунан келген колдоосун көрсөтүп жатат жана алардын тагдыры кайдыгер калтырган жок. Ош облусунун тургуну Шералы Асатов кыргыз-өзбек чек арасында жүздөгөн өзбек жарандары өз өлкөсүнө кире албай жатканын айтат. “Мисалы, Өзбекстанда чек арада турган өз жарандарын киргизбей жатат. Алар арызданбай, дүйнөгө жар салбай эле күтүп жатышат”, - дейт ал. Ошондой эле Ш.Асатов коронавирус катталгандан бери өзбек бийлиги бир да жаранын сырттан калып келбегенин айтат.
Адистердин пикиринде, пандемия учурунда ички жана тышкы миграцияны кан буугандай токтошу керек. Бул эң ириде вирустун жайылып кетишин алдын алат.
Бул жагынан кыргыз бийлиги гумандуулугун көрсөттү. Каржы мүмкүнчүлүгү чектелсе да сыртта калган өз жарандарын мекенине кайтарууга болгон күчүн жумшоодо. Мындай аракеттер канчалык туура жана натыйжалуу экенин убакыт таразалайт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн