Бугу 19, 2024
Убакыт: 18:06
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Чет өлкөдө 1280 кыргыз жараны соттолгон

12.04.2023 16:53
233
Чет өлкөдө 1280 кыргыз жараны соттолгон

Кыргызстандын 1280 жараны чет өлкөдө соттолгон, анын 1072си Россиянын абактарында отурат. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев парламентте билдирди.


Анын айтымында, Казакстанда, Россияда жана Тажикстанда жазасын өтөп жаткан 60 киши мекенине которулду. Ал эми үстүбүздөгү жылдын март айында башкы көзөмөл органынын делегациясы Москвага барып, Россиянын Башкы прокуратурасынын, Жогорку сотунун жана Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу федералдык кызматынын жетекчилиги менен соттолгон кыргызстандыктарды өз мекенине өткөрүп берүүнү макулдашкан.


"Анын жыйынтыгы менен биринчи кварталда Россиядан 15 кыргызстандык которулду, 25 жаранды алып келүү иштери соңуна чыгып калды. РФ Юстиция министрлигинен соттолгон 72 жаранга карата материалдар бизге келип түшүп, Жогорку сотко тиешелүү сунуштар келтирилди", — деди Зулушев.


Мындан сырткары, башкы прокурор 2022-жылы Кыргызстанда жасаган кылмышы үчүн издөөдө жүргөн 63 жаран Россиядан, Казакстандан, Өзбекстандан, Польшадан кармалып алып келингенин кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн