Бугу 05, 2024
Убакыт: 10:54
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Чет өлкөдө 84 миң жаран добуш берди. Мыйзам бузуу катталган жок

13.12.2021 12:28
2474
Чет өлкөдө 84 миң жаран добуш берди. Мыйзам бузуу катталган жок

Чет өлкөдөгү шайлоо участкалары боюнча арыздар жана даттануулар келип түшкөн жок. 


Бул туурасында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.


Анын айтымында, чет мамлекеттерде шайлоого 84 миңден ашык жаран катышкан.

Чет мамлекеттердеги кыргызстандыктардын шайлоого катышуусунун аз болуп жатканынын себеби Россиянын бир аймагында ачылган тилкеге башка аймактан атайын келип катышпагандар болгонун мисал келтирди. Бекматов чет өлкөлөрдө шайлоочулардын катышуусу ар дайым төмөн болуп келгенин эске салып, бул жолку шайлоодо сырттагы жарандар партиялык тизме менен гана добуш беришкенин маалымдады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн