Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 23:01
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Чет өлкөдө 9 миң мекендеш шайлоого катышты

29.11.2021 17:28
532
Чет өлкөдө 9 миң мекендеш шайлоого катышты

Алдын ала жыйынтык боюнча, парламенттик шайлоого чек жактагы Кыргызстандын 9 миң 826 жараны катышты, башкача айтканда, бул көрсөткүч 11,67 пайызды түзөт. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо чет өлкөдөгү шайлоочулардын саны 84 миң 128ди түздү.


Биринчи жолу өлкөнүн саясий системасында шайлоочулар бюллетенде саясий партияны жана партиянын тизмесинде талапкерди жана көз карандысыз талапкерди шайлай алышты.


Бул максаттарда чет жерлерде 29 чет мамлекетте 59 шайлоо участогу ачылды, алардын ичинен 10 шайлоо участогу төмөнкү шаарларда быйыл жаңы ачылды:


1) Россия Федерациясында – Хабаровск, Краснодар, Томск, Казань, Самара шаарларында.


2) Түркия Республикасында – Анталья шаарында.


3) Америка Кошмо Штаттарында – Нью-Йорк жана Чикаго шаарларында.


4) Италия Республикасында – Кальяри (Сардиния аралы) шаарында.


5) Венгрияда – Будапешт шаарында.


КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары түзүлгөн КРнын шайлоо участоктору жалпысынан тийиштүү деңгээлде уюштурулган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн