Баткен районунун Чоң-Талаа айылында муктаждарга 110 000 сомдук акчалай жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Чоң-Талаа айылындагы жардамга муктаж 12 үй-бүлөгө 4 миң сомдон акчалай жардам көрсөтүлгөн. Ал эми мүмкүнчүлүгү чектелген бир жаранга 20 миң сом акча каражаты берилген.
Мындан сырткары, 30 үй-бүлөгө гуманитардык жардам таркатылып, жалпы чыгым чет өлкөдө эмгектенген Чоң-Талаа айылынын жашоочулары тарабынан каржыланган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн