Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев бүгүн, 29-апрелде болгон брифингде чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктарды коопсуздук үчүн
турган жерлеринде калууга чакырды.
“Чет өлкөлөрдө жүргөн жарандарыбызды ден соолугун тобокелчиликке салбаш үчүн турган жеринде калууга чакырабыз. Жер-жерлерде Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери иштеп жатат, алар мекендештерге жардам көрсөтүүгө же кеп-кеӊеш берүүгө даяр”, - деди Ниязалиев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн