Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 14:10
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Чет өлкөдөн кайтып келген эмгек мигранттары үчүн бекер бизнес курстары ачылды

02.06.2023 13:38
378
Чет өлкөдөн кайтып келген эмгек мигранттары үчүн бекер бизнес курстары ачылды


Бишкекте  өлкөгө кайтып келген эмгек мигранттары үчүн бекер бизнес курстары ачылды. Бул тууралуу Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынан билдиришти.


Окууну каалагандар 18 жаштан жогору, чет өлкөдө иш стажы бар, катталган же жашаган жери боюнча райондук калкты ишке орноштуруу борборуна кайрылып, документтерин (билим боюнча, паспорт, эмгек китепчеси бар болсо) тапшырат.


Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүнүн райондук бөлүмдөрүнүн даректери жана байланыштары:


- Ленин райондук иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмү: Бөкөнбаев көчөсү, 99, телефондор: 0 (312) 303-695, 303-682;


- Биринчи Май райондук иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмү: Бөкөнбаев көчөсү, 99, телефондор: 0 (312) 303-748, 303-740;


- Октябрь райондук иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмү: Токтогул көчөсү, 43, телефондор: 0 (312) 434-765, 434-739;


- Свердлов райондук иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмү: Токтогул көчөсү, 43, телефондор: 0 (312) 434-766, 434-749.


Бардык жумушсуз жарандар кеңеш алуу үчүн ошол эле бөлүмдөргө кайрыла алышат:


- 60 адистик боюнча акысыз окуу курстары жана кайра даярдоо жөнүндө;


- иш берүүчүлөрдүн ар кандай иш чөйрөлөрүндөгү бош орундары жөнүндө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн