Аяк оона 23, 2024
Убакыт: 23:15
USD
84.00
84.50
EUR
93.00
94.00
RUB
0.890
0.930

Чет өлкөлөрдө коронавирустун экинчи толкуну байкалууда, - Нурболот Үсөнбаев

02.09.2020 12:02
1072
Чет өлкөлөрдө коронавирустун экинчи толкуну байкалууда, -  Нурболот Үсөнбаев


Чет мамлекеттерде коронавирус инфекциясынын экинчи толкуну байкалууда.  Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 2-сентябрдагы брифингде билдирди.


Анын айтымыда, өлкөдө пандемия башталгандан бери бир катар масштабдуу иш-чаралар жүргүзүлдү.


"Карантин киргизүү, санитардык талаптардын күчөшү жана башка иш-чаралар ооруну убагында алдын алып, туруктуу кармап турууга жардам берди деп эсептейбиз. Тилекке каршы, коронавирус менен бирге пневмония оорусу күчөп, статистикалык маалымат бириктирилген. 


Ал эми, күз-кыш айларында сасык тумоо жана респиратордук оорулардын күчөшүнө божомол бар. Мындан улам, алдын алуу максатында бир катар пландар иштелип чыгып, даярдыктар көрүлүүдө. Муну менен бирге, ар бир жаран абал толук турукташмайынча санитардык талаптарды сактоосуна чакырабыз”, - деди Нурболот Үсөнбаев. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн