Сауд Арабиясында жашаган кыргызстандык аялдын жардам сураган видеосу социалдык тармактарга жарыяланды. Видеодо аял өзүн тааныштырып, аты Асел Дуванаева экендигин айтат.
"Жолдошум мени дайыма сабайт. Ал баңги затын колдонот. Ал менин жашашыма жол бербейт. Менин төрт балам бар. Мен аны менен ажырашкым келет. Мага жардам бериңиздерчи суранам"- дейт аял.
Белгилүү болгондой Аселдин жолдошу араб. Учурда аялынын бардык документтерин жана байланыш каражаттарын алып койгон. Туугандары байланыша албай жатышат. Ал ур-токмокко алынып жаткандыгын тасмага тартып, Кыргызстандын консулдугуна жана полицияга бир нече жолу кайрылган. 8-мартта сот жараяны болмок, бирок күйөөсү аны үйүнө камап, чыгарбай жатат.
Учурда тышкы иштер министрлиги бул окуяны текшерип жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн