Бугу 03, 2024
Убакыт: 10:13
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Чет өлкөлүк лидерлер Кыргызстандын элин жана Жапаровду Нооруз майрамы менен куттукташты

21.03.2024 11:18
195
Чет өлкөлүк лидерлер Кыргызстандын элин жана Жапаровду Нооруз майрамы менен куттукташты


Бир катар чет өлкөлүк лидерлер Кыргызстандын элин жана президент Садыр Жапаровду Нооруз майрамы менен куттукташты, деп билдирет президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы.

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жозеф Р. Байдендин куттуктоосу: "“Урматтуу президент мырза! Америка Кошмо Штаттарынын элинин атынан Сизге жана Кыргыз Республикасынын элине Нооруз майрамын белгилеген маалда эң жакшы каалоолорумду жолдойм.

Ушул жыл мезгилинде адам ойго батып, жаңылануу келип турган учурда Америка Кошмо Штаттары бул майрамды жана жаздын кирип келишин кыргыз эли менен бирге тосуп алганга кубанычта. Келе жаткан жылда мен сиздердин өлкөдө жана бүткүл чөлкөмдө бейпилдикти жана гүлдөп-өсүүнү мындан ары да алдыга жылдыруу үчүн биздин кызматташтыгыбызды жана өз ара иш-аракеттерибизди тереңдетүүнүн жаңы жолдорун табууну көздөйм. Нооруз майрамыңыз кут болсун!” - деп айтылат АКШнын президенти Жозеф Р. Байдендин куттуктоо телеграммасында.

Иран Ислам Республикасынын президенти Сейед Эбрахим Раисинин куттуктоосу: "Сейед Эбрахим Раиси Нооруз -бул байыркы салт гана эмес, тынчтыктын, ынтымактын жана жаңылануунун символу экенин, региондогу элдердин маданияты менен тарыхында бекем орун алгандыгын белгиледи. 

“Жазгы күн менен түндүн теңелиши жана жаратылыштын гүлдөп, жердин кубулушу менен бардык адамдардын жүрөгүн жана рухун жакшы, жогорку сапаттар ээлеп, ал эми жаман жана ыплас нерселер адамдын жүрүм-турумунан жана иш-аракеттеринен жоголот, адамдардын жашоо шартында терең өзгөрүүлөр орун алып, ошондо биз коомдун өсүп-өнүгүшүнө күбө болобуз деп ишенем”, - деп айтылат Иран Ислам Республикасынын президентинин куттуктоосунда.

Сейед Эбрахим Раиси Садыр Жапаровго чың ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине гүлдөп-өнүгүү жана бакыт каалады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн