Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, "Мегаком" компаниясынын мурдагы директору Акылбек Жамангулов кайсы иш боюнча кармалганы айтылды. Бул тууралуу 24.кг агенттиги өздүк булактарына таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, Башкы прокуратурага кореялык жарандар кайрылган. Анда Акылбек Жамангулов 2 миллион доллар алып, гольф аянтчасын курууну убадалаган. Бирок долбоор ишке ашкан эмес.
Бүгүн Акылбек Жамангуловдун баш коргоо чарасы аныкталат.
Эске салсак, мурдагы депутат 12-мартта кармалып, Бишкек шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн