Бугу 16, 2024
Убакыт: 17:27
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Чет өлкөлүк жарандарды коркутуп тоногон адамдар кармалды

Чет өлкөлүк жарандарды коркутуп тоногон адамдар кармалды

Бишкек шаарында каракчылыкка шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 25-мартта болжол менен саат 02:45 чамасында "102" кызматына "Ала-Тоо" аянтынан каракчылык кылып кетишти деген маалымат келип түшкөн.


Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 202-берене "каракчылык" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.


"Айтылган дарекке кайгуул кызматкерлери барганда, 19 жаштагы Пакистан жараны арыз менен кайрылган. Анда ошол эле даректен арыз ээсин белгисиз жарандар бычак, кайчыга окшош буюмдар менен коркутуп, күч колдонуп, эки Айфон телефонун жана 2 миң сомун алып, белгисиз тарапка качып кетишкенин жазган.


Ыкчам кармоо иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 27, 25, 26 жаштагы 3 жаранды кармашып, Биринчи май РИИБинин тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен", - деп билдиришти кайгуул кызматынан.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн