Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 08:47
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Чет өлкөнүн жарандыгын алгандарга “Мекен кард” документин берүү пландалууда

26.05.2020 12:46
959
Чет өлкөнүн жарандыгын алгандарга “Мекен кард” документин берүү пландалууда


Чет өлкөнүн жарандыгын алган мекендештерге “Мекен кард” аталышындагы атайын документ берүү мерчемделүүдө. Бул тууралуу депутат Махабат Мавлянова бүгүн, 26-майда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин кезектеги жыйынында билдирди.


Бул боюнча мыйзам долбоорун демилгелеген депутаттардын бири Махабат Мавлянова мыйзам мурда Кыргызстандын жарандыгында турган чет өлкөлүк жарандарга өзгөчө укуктарды, артыкчылыктарды берүүгө багытталганын белгилеп, каралган укуктар жана артыкчылыктар алардын Кыргызстандагы укуктук абалына, жашоосуна, эмгектик укуктарына, мамлекеттик чек арадан өтүүсүнө, билим алуусуна жана дарылануусуна тиешелүү экенин кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн