Бугу 17, 2024
Убакыт: 16:57
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Чет өлкөдө жүргөн 23 кыргызстандык COVID-19 вирусуна чалдыккан

09.04.2020 15:46
1054
Чет өлкөдө жүргөн 23 кыргызстандык COVID-19 вирусуна чалдыккан

 

Чет өлкөдө жүргөн 23 кыргызстандык COVID-19 вирусун жуктуруп алган. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев билдирди.


Маалыматка ылайык, БАЭде 3, Пакистанда – 7, Малайзияда – 4, Индияда – 1 жана Испанияда – 1 адам.

 

“Буга чейин коронавирустун жайылуу коркунучун эске алып, ТИМ чет өлкөлөргө чыгуудан кармануу сунуштары менен чыккан. Тилекке каршы, ага карабастан бир топ мекендештерибиз сыртка чыгып кеткен. Албетте, мекендештерибиздин арасында чет өлкөдө иштеп, окуп, дарыланып жаткандар бар. Буга байланыштуу, белгилей кетсем, учурда көптөгөн өлкөлөрдө компетенттүү органдардын убактылуу чектөөлөрү иштеп жатат, мындан улам туруктуу жана чартердик авиакаттамдарды уюштуруу азыркы учурда мүмкүн эмес”, - деди Нуран Ниязалиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн