Бүгүнкү күндө чет жакта жүргөн 154 кыргыз жаранынан
COVID-19 илдети табылган. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.
Маалыматка ылайык, инфекцияны дүйнөнүн 11 өлкөсүндө жүргөн 154 кыргызстандык жуктуруп алган.
Алар төмөнкү мамлекеттерде:
Россия – 105;
БАЭ – 7 (алардын ичинен бешөөсү айыгып чыккан);
Пакистан – 22 (бардыгы чыгарылган);
Индия – 7 (1 каза тапкан, 6 чыгарылган);
Испания – 1 (чыгарылган);
Малайзия – 3 (чыгарылган);
АКШ – 1 (чыгарылган);
Өзбекстан – 1;
Греция - 1 (чыгарылган);
Казакстан – 5 (4 - Бишкекте, 1 – Алматыда дарыланууда);
Италия – 1.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн