Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 04:11
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Чет жактан жүк ташыган айдоочуларга текшерүү күчөтүлдү

27.04.2020 15:12
1084
Чет жактан жүк ташыган айдоочуларга текшерүү күчөтүлдү


Өлкө аймагына жүк ташыган айдочуларды COVID-19 вирусуна текшерүү чаралары күчтөндүрүлүүдө. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылганын.


Маалыматка ылайык, учурда чек арадан өтүп жаткан бардык алыска жүк ташуучулар экспресс-тестирлөөдөн өткөрүлүүдө. Дарт аныкталган учурда айдоочулар ПЧР-анализдин жыйынтыгы чыкмайынча обсервацияга жаткырылат.


"Жүк ташуучу унаалардын биздин чек аралар аркылуу мындан ары тоскоолдуксуз өтүүсүн жана азык-түлүк жана башка зарыл товарларды өз мөөнөтүндө жетирилишин камсыздоону улантуубуз керек.  Бирок бүгүнкү күндө коопсуздукту камсыздоо максатында жүк ташуучулар үчүн кыйынчылыктарды жаратпастан, бул багыттагы ишти көзөмөлгө алууну күчөтүү керек. Өзгөчө көңүлдү жүк ташуучулардын андан аркы аймактар аралык кыймылына буруу керек. Тилекке каршы, үй карантининде отурууга милдеткер болгон жактар башка адамдардын жашоосу үчүн тобокелдик жаратып, ишин уланткан учурлар бар. Ошондуктан алыска жүк ташуучуларды текшерүүдөгү аракеттердин алгоритми алардын ордун, ПЧР-анализдин өткөрүлүшүн жана обочолонуу талаптарынын аткарылышын жана жүк жеткизилген соң, анализдин жыйынтыгы анык болмоюнча байланышты чектөө талаптарынын аткарылышы боюнча көзөмөлдөөнү күчөтүү тарабына өзгөртүлөт. Алар биздин көзөмөлдөн чыкпоого тийиш, - деген Кубатбек Боронов.


Ошондой эле, тармактык мамлекеттик органдарга Кыргызстандын аймагына жүк ташуулардын кирүүсүн жана андан аркы жүрүүсүн көзөмөлдөө алгоритмин жакшыртуу тапшырылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн