Бугу 17, 2024
Убакыт: 04:16
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Чычкан капчыгайында дагы бир май ташуучу унаа өрттөнүп кетти (видео)

12.08.2020 17:41
830
Чычкан капчыгайында дагы бир май ташуучу унаа өрттөнүп кетти (видео)

 

Токтогул районуна караштуу Чычкан капчыгайында дагы бир май ташуучу унаа өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, бүгүн, 12-августта алдын ала маалымат боюнча БишкекОш унаа жолунун 239-чакырымында (Чычкан капчыгайы) күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унаанын прицеп-цистернасынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.


Өрттү өчүрүүгө саат 12:19да Токтогул райондук №97 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылган. Өрт ачык аянтта куураган чөпкө өтүп кеткендигине байланыштуу кошумча 24 куткаруучу, Токой чарбачылыгынан 9 кызматкер тартылган. Унаалардын өтүүсү жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкрелери тарабынан көзөмөлдөнүүдө.

 


Белгилей кетсек, буга чейин Ала-Бел ашуусунда май ташуучу унаа өрттөнүп, айдоочу каза болгон.




Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн