Бугу 16, 2024
Убакыт: 08:43
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Чычкан капчыгайындагы жол кырсык 2 адамдын өмүрүн алды

04.08.2020 09:54
1360
Чычкан капчыгайындагы жол кырсык 2 адамдын өмүрүн алды


Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жол кырсык катталды, деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы 4-августта. 


Маалыматка караганда, Бишкек—Ош (Чычкан капчыгайы) унаа жолунун 262-чакырымында «Жигули» жана жүк ташуучу унаа кагышкан. 


Жол кырсыктын кесепетинен 1956-жылы туулган аял жабыркап, 1953-жылы туулган айдоочу жана эркек жүргүнчү каза болгон. 


Куткаруучулар каза болгон адамдардын денесин алып чыгып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти. Ал эми жабыркаган аял тез жардам кызматынын кызматкерлерине өткөрүлдү. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн