Бугу 03, 2024
Убакыт: 03:05
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Чикагодо кыргыз улуттук спорттун 11 түрү боюнча мелдеш өтүүдө

06.09.2021 09:22
589
Чикагодо кыргыз улуттук спорттун 11 түрү боюнча мелдеш өтүүдө

АКШнын Чикаго шаарында кыргыздын улуттук жана башка оюндардын он бир түрү боюнча мелдештин ачылышы болду. Бул тууралуу Кыргызстандын АКШдагы элчилиги билдирди.


    АКШнын бардык штаттарында жашаган кыргызстандык атуулдар 4-сентябрда Американын Иллинойс штатындагы Чикаго шаарына топтолушуп Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык маарекесин белгилешти. Аталган иш-чараларга Американын ар кайсы штаттарынан баардыгы болуп 3000ден ашык адам катышты. Ушул эле күнү кыргыздын улуттук жана башка спорттук оюндарынын он бир түрү боюнча мелдештердин ачылыш аземи болуп, анда Кыргызстандын АКШ жана Канададагы Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Бакыт Аманбаев сөз сүйлөдү. Элчи чогулган элди Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык маарекеси жана спорттук оюндардын спартакиадасынын ачылышы менен Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Нуркожоевич Жапаровдун атынан куттуктап, мекендештерди ынтымакка жана биримдикке чакырды. Өз сөзүндө Бакыт Аманбаев улуттук оюндардын кыргыз элинин улуттук кулк мүнөзүнүн калыптанышына, кыргыз маданиятынын сакталышына жана өсүп келе жаткан жаш муундарды кыргыз кылып тарбиялоодо мааниси чоң экендигин баса белгилеп, мелдешти ынтымак менен жогорку деңгээлде өткөрүүгө чакырды. 


Спорттук оюндардын спартакиадасында кыргыздын байыркы улуттук оюндары ордо, тогуз коргоол, аркан тартыш жана башка дүйнөлүк спорттук оюндун түрлөрүнөн штаттар арасында мелдештер өткөрүлөт. Спартакиаданын жыйытыктары бир күндөн кийин чыгарылат.


Ушул эле күндөрү Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы элчигинин кызматкерлери тарабынан жарандарга консулдук кызмат көрсөтүлүп, атуулдарды үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрында өтүүчү парламенттик шайлоого карата шайлоочулардын тизмесинен текшерип, консулдук каттоодон өткөрүү иш-чаралары да аткарылды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн