Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 15:08
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Чикагодогу консул Болот Борбиев диаспора өкүлдөрү менен жолугушту

15.08.2022 13:17
771
Чикагодогу консул Болот Борбиев диаспора өкүлдөрү менен жолугушту



2022-жылы 12-августта КРнын Чикаго шаарындагы Башкы консулу Б.И.Борбиевдин «Kyrgyz Community Center» аттуу кыргыз коомдук борборунун базасында Чикагодогу кыргызстандык коомдук диаспораларынын өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу "Биринчи радио" билдирди.


Бул жолугушуу жарандарды жаңыдан түзүлгөн Башкы консулдуктун иши менен тааныштыруу, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, экономикалык дипломатия, маданият, туризм, Кыргызстанга инвестицияларды тартуу жаатындагы маселелерди талкуулоо, ошондой эле тыгыз байланыштарды мындан ары да улантуу жана биргелешкен келечек пландарды талкуулоо максатында уюштурулду.


КР Башкы консулу Б.И.Борбиев белгилегендей, КРнын Президентинин «Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө» Жарлыгына ылайык, КРнын Тышкы иштер министрлиги үчүн чет өлкөлөрдө жүргөн КРнын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоону активдештирүү өзгөчө мааниге ээ милдеттер болуп саналат.


Ошондой эле Башкы консул Чикагодогу кыргыз коомдук диаспора бирикмелеринин өкүлдөрүнө COVID-19 пандемиясынын учурунда көрсөткөн активдүүлүгү жана жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. Жолугушуу ачык, конструктивдүү маанайда жана достук кырдаалда өттү.


Эске салсак, Башкы консулдук 2022-жылдын 8-августунда төмөнкү дарек боюнча иштей баштаган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн