Бугу 12, 2024
Убакыт: 08:13
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Чикагодогу мекендештер кычкылтек концентраторлорун белек кылды (фото)

28.07.2020 12:14
580
Чикагодогу мекендештер кычкылтек концентраторлорун белек кылды (фото)


Бишкек шаарында коомдук уюмдардын жана кайрымдуу жарандардын күчү менен ковид-19 илдетине каршы күрѳшүү уланууда, деп маалымдады мэриянын басма сөз кызматы.

Алардын билдирүүсү боюнча, колдоолор ар тараптан келүүдѳ. Бул жолу оор абалдагы жарандардын ѳмүрүн сактоо үчүн Чикаго шаарындагы мекендештердин «Баракат» бирикмесинин мүчѳлѳрү Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов менен биргеликте 4 кычкылтек концентраторун белек кылды.

Эскерте кетсек, күндүзгү жана түнкү стационарлар ачылган күндѳн тартып 78 миң 648 адамды кабыл алды. Жеке ишкерлердин, кайрымдуу жарандардын колдоосу менен дарылоо жайларына кычкылтек концентраторлору, пульсоксиметрлер жана башка медициналык буюмдар алынып келди. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн