Бугу 19, 2024
Убакыт: 00:32
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Чынарбек Базарбаев, юрист: “Орусияда маңзат менен кармалган кыз-келиндер көбөйдү”

30.11.2023 09:52
200
Чынарбек Базарбаев, юрист: “Орусияда маңзат менен кармалган кыз-келиндер көбөйдү”


Орусиянын ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, маңзатка байланыштуу ар бир төртүнчү кылмышты мигранттар жасайт. Бул көрсөткүч мурда эки эсе төмөн болгонун министр Владимир Колокольцев 25-октябрдагы коллегияда билдирди. Ал жүздөгөн мигранттар Орусияга жеке маалыматтарын өзгөртүп кирүүгө аракеттенерин кошумчалады.


Орусиядагы рейддер, текшерүүлөр, орус-украин согушуна байланыштуу мобилизациянын мигранттарга тийгизген таасири туурасында Москвадагы укук коргоочу, "Кыргыз биримдиги" коомунун вице-президенти Чынарбек Базарбаев "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.


- Орусияда эки жолу чоң рейд болду, ага чейинки мобилизация, мыйзамдардын катаалдашы мекендештерге кандай таасирин тийгизип жатат?


- Пандемия маалында бир аз өзгөрүү болду, андан кийин документ жана башка маселелерди чечүү анча-мынча жеңилдеди. Элчилик, андан жогорку деңгээлде сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, алгач 45 миң, андан кийин бир нече миң кыргызстандык "кара тизмеден" чыгарылды. Акыркы жылдары орус-украин согушу дагы миграцияга тийешелүү саясатты дагы өзгөрттү. Азыр биздин мигранттарга дагы оор болуп жатат. Расмий маалымат боюнча, Орусияда 600-700 миң кыргызстандык бар деп жүрүшөт. Катталбай жүргөндөрү дагы арбын. Ошондуктан Москва шаары, Москва облусу боюнча 1 миллионго жетет. Келгендердин 30%:ы катталбай жүрөт десек болот. Бир-эки айдан бери депортация болгондор көбөйдү. Бул жерде биздин мигранттардын өз укугун билбегендиги, экинчиден, тийиштүү органдардын маалыматты жеткирүүдөгү мүчүлүштүгү себеп болууда. Эмгек келишими жок, документин узартпай жүргөндөрдүн саны өтө көп. Мунун алдын алууда миграция багытындагы мамлекеттик кызматкерлердин кандайдыр бир программаларды ишке ашыруу жагынан жетишпестиги деп айтсак болот.


- Эмгек келишими боюнча кайрылгандар абдан көп экенин айтып жатасыз. Келишимди узартуу кыйынбы же машакаты көппү?


- Бул Орусиянын мыйзамында бар эле. “Орусия мыйзамдарды өзгөрттү, каттаалдатты” дегенден алысмын. Буга чейин орус өкмөтү кыргыздарга тийишпей, документтерин сурабай, жеңилдик берип келген. Акыркы күндөрү биздин саясый абалга, эки өлкөнүн мамилесиндеги кээ бир кадамдарга байланыштуу бар мыйзамын гана колдонуп жатат. Эгер аны толук колдонсо, биздин мигранттарга өтө эле кыйын болот. Анткени баргандардын көбү жашаган жерине каттоого турганга мүмкүнчүлүгү жок. Тааныштарга коёт же акча берип каттоого турат. Ал эми эмгек келишимди расмий каттатса, ишкана ар бир мигрантка 8-9 миң рублдан салык төлөшү керек. Ошондуктан салык төлөбөш үчүн иш берүүчүлөр мигранттарды мыйзамсыз иштеткенге кызыкдар.


- Акыркы айларда Орусияда эмгектенген кыргызстандыктардын саны кыйла азайыптыр. Буга жогоруда айтылган жагдайлардан сырткары рублдин түшүп кеткени дагы себеп болду окшойт...


- Мигранттардын кайтып келүүсүнүн биринчи себеби депортация, текшерүүлөр болсо, кийинкиси рублдин түшүп кетүүсү. Азыр Европага, Британияга кантип кетсек, Орусиядан ары же Кыргызстанга келип башка жакка кетүүнүн кандай жолдору бар, кайсы тилди үйрөнсө болот деп кеңеш сурап кайрылгандар өтө көбөйдү. Мурда Америкага Мексика аркылуу кетүүнүн жолдору барбы деп сураса, азыр Европага айыл чарба иштерине кетебиз дегендер арбын. Азыр Орусияда "кара тизмеге" кирген, депортация болгон жарандар көп. Расмий маалыматта башкача айтылышы мүмкүн, бирок өзүм күнүгө сот отурумдарга барганым үчүн көрүп жүрөм. “Бир айда 160 адам өлкөдөн чыгарылган” дегенди окуп калдым эле. Бир эле сотто, мисалы, Таганск сотунда бир күндө 15-20 кыргыз өлкөдөн чыгарылган. Бир эле бөлүмдөн бир жумада соттолгондордун саны 150гө жетет.


Мыйзамды так сактап жүрөм деген учурда деле анын жолун таба алышпайт. Анткени каттоого туруу үчүн атайын сайттар, расмий кеңселер жок. Бардыгы “мен документ жасайм” деген Инстаграмм, WhatsАpp группалардан, Ютубдагы видеолордон көрүп, тааныбаган, эч кандай кеңсеси жок адамдарга кайрылып, жыйынтыгында алданып калышууда. Документ жасагандардын жоопкерчилиги дагы каралышы керек. Муну ИИМдин Москвадагы өкүлчүлүгү, элчилик, консулдук бөлүмдөр чечиши керек. Анткени кыргыз жарандарды кыргыздар эле алдап жүрүшөт. Жасалма документ колдонуп жүргөндөргө дагы берене каралган. Орусияда алдоо фактысы биринчи орунда турат. ИИМдин өкүлү элчиликтеги жыйында кыргыз жарандарынын арасындагы кылмыштуулук 200%: өскөнүн айтты. 


Азыр өз каалоосу менен кайтып келгендердин саны азыраак. Негизинен мобилизациядан, согушка алып кетпесин деп коркуп келгендер дагы бар. Орусиянын жараныбы, Өзбекстан, Кыргызстандын жараныбы, айырмасы жок, чындыгында үгүттөө иштери жүрүп жатат. Жарандык берүүнү жеңилдетебиз дегендей... Негизи маселе рейддерде. Интернетке тараган мигранттарды кармоолор, жерге жаткырып алып суу бербей бир-эки күн кармап тургандар жөнүндөгү маалыматтардын баары факт. Муну эч ким тана албайт. Аны токтотуу үчүн консулдук бөлүмдөр нота жазып иштесе болот. Алар иштеп жаткандыр, бирок азырынча жыйынтыкты көрө элекпиз. Биздикилерге укук коргоочу барган учурда гана кишендерин чечип коёт. Анткени алар кылмыш жасаган жок, болгону документинин мөөнөтү өтүп кеткен же базадан чыкпай калган. Ошого дагы эки күн кишендеп кармап, эч ким менен сүйлөштүрбөй, убактылуу болсо дагы эркиндигинен ажыратышат. Бир адам адвокат чакырса, он кишинин тогузу жабыр тартат. Анткени жактоочу чакырганына өчөшүп, калгандарын мажбурлап эле Сахароводогу убактылуу кармоочу жайга жөнөтөт. Мындай учурлар дагы көп катталды. Башка элчиликтер эки жолу нота жазылды, ал полиция бөлүмүнүн кызматкерлери иштен айдалды.


- Учурда айлык маянасын алалбай калган мекендештер дагы көбөйүп жатканын айттыңыз эле. Ушундай көйгөйгө кимдер, эмне себептен кабылып жатышат? Өлкөдөгү экономикалык абалга байланыштуу эмеспи?


- Айлыгын алалбай жаткандар мурдагыдан 30%:га өстү. Буга экономикалык жагдай дагы таасир этти. Чоң ишканаларга, иш берүүчүлөргө деле өз убагында акча которулбай жатат. Андан сырткары, биздин мигранттар тейлөө тармагында иштейт. Азыр соттордо дагы иш көбөйүп, мурда арыздар эки айда каралса, азыр бир жылда каралып жатат. Мыйзам боюнча айлык ала албаган адам бир жылдын ичинде гана соттошконго акысы бар. “Мөөнөтү өтүп кетти” деп иш кыскарып же артка кайтарылган учурлар көп болууда. Буга чейин орто эсеп менен 10 ишкана боюнча арыз жазылса, ошонун 60%ы орундалчу, азыр 10дун 20%ы гана акчасын кайтарып жатат. Бул биз алып барган иштер боюнча маалыматтар. Ушул багытта кыргызстандык мигранттардын укуктарын карап, коргой турган юрист, укук коргоочулар жетишсиз. Мисалы, курулушта иштеп жатып кырсыктап же жол кырсыгында каза болгон учурда анын күнөөсү бар же жок экенине карабай, эмгек келишими жок болсо дагы юридикалык тарап 2 млн. рублдан баштап кенемте төлөп берет.


Бул маселени "Азаттык" аркылуу айтып чыккандан кийин Орусиянын башка облустарынан дагы кайрылгандар болууда. Буга чейин Баткенден бир жаран “мага 100 миң рубль бербей жатат” деп кайрылды. Ал жумуш ордунда кырсыкка учурап, каза болгон адамдын кенемтеси экен. Аны текшерип карап келгенде, кенемте 1 млн. рублдан башталат экен. Ишеним кат менен банктарды текшергенде, ал жарандын 3 млн. рубль акчасы чыкты. Буга чейин биздин Орусиядагы юрист, консулдар иштеп жүргөн да, эч ким ачыкка чыгарган эмес. Мага деле "бекер эле ачып жатасың, сен өзүң бир жылда ушунча миллион пайда көрсөң болот" деген сунуштар түштү. Мен 2016-жылы өрттөнүп кеткен кыздардын ишин кайра башынан териштирүүнү элчиликтен, консулдуктан өтүндүм. Азыр ошол аягына чыга элек. Ким канча алганы белгисиз. Эки адам гана 1,5 млн алган, калгандары башка адамга ишеним кат бергени айтылды. Бирок ошол эки адамдын деле “алдык” дегени анык болбой жатат. Бул жерде юридикалык мафиянын иш-аракети болгон деген ойдомун. Ошол учурдагы мыйзам боюнча ар бирине 1 млн., жашы жете элек балдарына 18 жашка чейин жөлөк пул, ата-энеси болсо 250 миң рублдан, бир туугандары дагы жабырлануучу деп эсептелип, 100-200 миң рублга чейин чыгармак. Жалпысынан 1,5-3 млн. чейин акча чыкмак.


- Пандемия маалында жана андан кийин маңзат менен кармалган кыргызстандыктардын саны көбөйгөнү айтылган. Азыр жагдай кандай болуп жатат, азайдыбы? 


- Маңзат менен кармалган учурлар азыр деле көп. Негизинен үгүттөгөндөр биздин өзүбүздүн эле мекендештер, 70%ы ошондой. Бул боюнча жагдай оор. Билип туруп баргандар дагы көп. Көптөн бери укук коргоо тармагында жана котормочу болуп дагы иштедим, он жылда бул ишке алынып, билбей барган бир эле учурду көрдүм. Ал деле алты ай абакта отуруп, анан акталып чыкты. Полиция кызматкерлери чөнтөгүнө салып койгону аныкталды. Бул мен катышкан иштерди айтып жатам. Бардык эле ата-энелер “менин балам алданып калды” деп айтышат. Ишин карап көргөндө, башкача болуп чыгат. Бул берене боюнча 6 жылдан 11 жылга чейин соттолуп кеткендер бар. Буларга эч кандай адвокаттын жардамы тийбейт. Ата-энелерге дагы “жөн эле акчаны асманга чачып албагыла, андан көрө Кыргызстанга которуу иштерине жумшагыла” деп айтам. Акыркы учурда эркектерге караганда бул берене менен кыз-келиндер кармалган учурлар көбөйүп кетти. Акчага азгырылып, тез байып кетүүнү каалашат. Алдап алып барып дары берип, суу ичирип, ар кандай видеого тартып алып коркуткан, “бул ишти кылбасаң тагдырың бузулат” деп шантаж кылган учурлар дагы бар. Ошондуктан бул оор маселе.


Канымгүл Элкеева, “Азаттык” 
Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн