Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 13:10
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Чындыкты айткан талапкерлерди фанаттар "даканса" сөгүп жатып калышты

29.12.2020 11:22
695
Чындыкты айткан талапкерлерди фанаттар "даканса" сөгүп жатып калышты


Кечээ президенттике талапкерлер Каныбек Иманалиев, Адахан Мадумаров, Клара Сооронкулова, Бактыбек Калмаматов, Канат Исаев, Аймен Касенов 28-декабрдагы дебатка катышты.


Туура, баары тең Садыр Жапаровдун мыйзамсыз талапкер экенин, эл аралык коомчулук Кыргызстандын бийлигин жактырбай жатканын...ж.б.у.с. пикирлерди айтышты.


Анан албетте, интернетте жогоруда чындыкты айткан талапкерлерди фанаттар "даканса" сөгүп жатып калышты. Туугандар бул талапкерлер жөн адамдар эмес. Кыргызстанда элдин жонунан тилген бийликтерди кетирүүгө ушулар чоң салым кошуп келишкен. Бул чоң эмгек. А жанагы чимкириктерге окшоп 7-кабаттын мөңгүнү талкалоо сыяктуу чечимдеринен бери колдоп бергендерден эмес. Ушулардын баары жинди анан только силердин кумир туткан адамыңар апакайбы? Эл колдоп атат деп эле калп айтып, биринчисин, экинчисине чабыштыра берген жакшы эмес.


Мен бир жактуу жамандабайм. Жапаров чимкириктерге караганда чындыкты тайманбай бетке айткан, дайыма элдин арасында жүргөн лидер. Бирок, 2 айда эле бул кишинин ажолука, мамлекетти башкарууга даяр кадр эмес экенин, адилеттүү башкаруу орното албашын көрсөттү. Ошондуктан күчтүү президенттик башкарууну толук колуна карматуу опурталдуу. Кыргыз кызыл камчыларга чыдай албайт. Ортодо дагы бир чыр-чатак чыкпасын. Же сабак алсын, же Жогорку Кеңеш менен биргелешим башкарсын. Болбосо депутат болуп эле чындыкты чыркырата берсин. Менин пикиримде.


Жакшылык Бердибек уулу


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн