Бугу 07, 2024
Убакыт: 14:26
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Чыңгыз Ажибаев: “Мамлекетке ишен, бирок максаттуу жаша!”

02.10.2021 17:42
5888
Чыңгыз Ажибаев: “Мамлекетке ишен, бирок максаттуу жаша!”


Жаштар - коомдун кыймылдаткыч күчү демекчи, кыргыз калкы ушул тапта демилгечил жаш муундун жигерине муктаж болуп турган учур. Анткени, отуз жылдык соңку тарыхыбызда биз экономикалык эле эмес, коомдук-саясий кризистин да сормо сазына батканыбызды моюндоого аргасызбыз. “Бул кейиштүү көрүнүш улана бериши мүмкүн эмес”, - дейт элибиздин эртеңки келечеги тууралуу биз менен ой бөлүшкөн билимдүү жаштарыбыздын бири Чынгыз Ильяскожоевич Ажибаев. Учурда Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасында кызмат өтөп жаткан бул жигит эгемендүү өлкөбүз менен курдаш – камчыга сап болор куракта..


- Чыңгыз мырза,  айтыңызчы, жаш муундун өкүлү катары сизди кайсыл маселе көбүрөөк  ойлондурат?

 

- Ойлонто турган жагдайлар, көйгөйлөр бизде жетиштүү – алар баарыбызга эле жакшы маалым. Ошентсе да мени жаштарыбыздын азыркы абалы, келечеги менен байланышкан маселелер  ойго салат. Мисалы, жумушсуздук көптөгөн жаштардын кендирин кесип коюуда. Алар тоо томкороор күч-кубатын өз мекени үчүн эмес, бөтөн элге жумшоого аргасыз болуп жатканы өкүндүрөт.

 

- Эмне кылуу керек?

 

- Бул суроого так жооп айтыш кыйын. Себеби, маселени чечүү мамлекетибиздин экономикалык  жагдайынан көз каранды. Бирок, бизге, жаштарга байланышкан да көп нерселер бар. Биринчи кезекте сапаттуу билим алууга, экинчиден жашоонун агымынан артта калбоого умтулуу зарыл. Билим алуу – бул жөн гана бир окуу жайдын дипломуна ээ болуу эмес. Азыр мезгил талап кылган кесип ээлери гана көчөдө калбайт. Ошондуктан, мен жаштарыбызды утурумдук материалдык кызыкчылыктарды ойлонбой, ар тараптуу терең билим алууга аракет жасагыла дегим келет. Албетте, мамлекет да ар кандай кыйынчылыктарга карабастан жаштардын муктаждыктарын канааттандырууга, алардын ролун бекемдөөгө жана келечектүүлөрүн ар тараптан колдоого, коомдук-саясий турмуштун бардык чөйрөсүнө аралаштырууга милдеттүү.

 

- Сиздин кесибиңиз юрист, бул тармакты тандоого ким түрткү болгон?

 

- Бала чагымда мен экономикалык кылмыштар менен күрөшүп, өз Мекениме кызмат кылсам  деп кыялданчумун. Бул максатым орундалып, төрт жылдан бери Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасында кызмат өтөп келем.

 

- Сиз мектепти Лейлектен бүткөн турбайсызбы?..

 

- Ооба, мен 2009-жылы Исфана шаарындагы Ю.Гагарин атындагы орто мектепти аяктагам. Ак-караны ажырата билген акыл-эстүү, максатка умтулган жана билимдүү  адам болушума ата-энемдин, мектепте окуткан агай-эжелеримдин, жакын досторумдун салымы зор. 2014-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин Юридикалык институтун аяктап, юрист адистигине ээ болдум. Албетте, биринчи курста окуу кыйын болду, андан соң кызыгуум артып ар кандай олимпиадаларга үзбөй катышып турдум.  Ал эми 2011-13-жылдары КМКТАУнун (КГУСТА) алдындагы ЖОЖдор аралык аскердик кафедрадан билим алуу мени жоопкерчиликтүү, жашоодогу күтүүсүз жагдайларга даяр болууга, ыкчам чечим кабыл алууга тарбиялады.  2014-2017-жылдары Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасында коомдук жардамчы катары бул тармакка аралаштым.

 

- Билим алуу, окуучулук жана студенттик жылдар сизди кандай өзгөрттү?


- Окуучулук, студенттик жылдар мени эрктүүлүккө, чечкиндүүлүккө үйрөттү. Ошондуктан, мен адамдык жакшы сапаттарымды сактап калуу менен ар дайым мыкты натыйжаларга гана жетишүүгө умтулам.

 

- Бош убакытта эмнелер менен алектенесиз?

 

- Спорт менен машыгам, китеп окуганды, музыка укканды жактырам. Келечек максаттар, кетирген каталар жана аларды ондоонун жолдорун ойлоном.

 

- Спорт деп айттыңыз, кайсыл түрү менен машыгасыз?

 

- Бала кезде волейболго кызыктым, студент чагымдан бери бокс менен алектенем. Ичимдик ичпейм, тамеки чекпейм. Жаштарды да сергек жашоого үндөгүм келет.

 

- Материалдык жыргалчылыктарга көз карашыңыз кандай?

 

- Бардык эле адамдардай кем-карчсыз жашагым келет.

Пикирлер (8)

Коопсуздук коду
Осмон
Чынгыз молодец. сонун маек курупсуң. Мамлекетке пайда келтирип жүрө бер.
Эргешбай
Чынгызды жакшы тааныйм, чек ара жаңжалында бүтүндөй Лейлек элине колунан келишинче жардам берип жүрдү. Өзү илимдүү билимдүү жигит. Иштериңе ийгилик Чынгызбай
Заир
Чынгызбек азаматсын иним!
Чынарбек
Депутаттыкка аттанып чык колдойбуз иним. Тартынба алга кадам ташта
Сейитмурат
Илязбайдын баласы го, маладес аяш уулум