Бугу 15, 2024
Убакыт: 19:20
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Чыңгыз Айдарбеков: Күч колдонуудан эки тарап тең утулат

29.04.2021 23:55
913
Чыңгыз Айдарбеков: Күч колдонуудан эки тарап тең утулат


Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Марипов менен Тажикстандын өкмөт башчысы Кохир Расулзода жолугуп, чек ара жаңжалын сүйлөшүү жолу аркылуу тез арада чечүүгө толугу менен даярдыгын билдиришти.

Алар чек ара маселелерин чечүүдө күч колдонууга жол берилбеши керектигин жана мындан ары чыр-чатакты ырбатууга жол бербөө максатында ыкчам чараларды кабыл алуу зарылдыгы боюнча пикирин билдиришти.

Соңку кырдаал өтө опурталдуу, курч жаңжалга айланып кетти. Би-Би-Си Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду маекке тартып, эки өлкө бийлигинин мындан аркы аракеттери кандай болушу керек деген суроо жолдоду.

Заманбап дүйнөдө жумшак күч басымдуулук кылат, мамлекеттер көйгөйлөрдү дипломатия аркылуу чечүүгө умтулат. Мындай кагылышуулардан сактануу керек. Чатакташып жаткан тараптан өздөрү жаңжалдан жапа чегет. Бул башка оюнчуларга дагы ар кандай мүмкүнчүлүктөрдү жаратат. Мамлекеттик чек араны делимитациялоо маселесин сүйлөшүү жолу менен гана чечүүгө болот.

Өзбекстан ортомчулук кылууга даярдыгын билдирди. Ташкентти ролу кандай болушу ыктымал?

Акыркы жылдарда Өзбекстандын жетекчилиги кыраакы саясатынын аркасында жигердүү жана ийгиликтүү өнүгүп келе жатат. Расмий Ташкенттин дипломатиялык дарамети бекем, Тышкы иштер министрлигин тажрыйбалуу адис башкарат. Ортомчулук демилгеси оң маанайда гана кабыл алынса болот.

Убагында коңшу өлкөнүн президенти Э.Рахмон мырза менен кезиктиңиз эле. Араздашкан, нота тапшырган же чатак чыккан учурда абалдан кантип чыкчу элеңиздер?

- Ооба, урматтуу Эмомали Рахмон Дүйшөмбү шаарында иш сапарымдын алкагында кабыл алды. Ар кандай актуалдуу маселелерди талкууладык. Кыргызстандын Тажикстан менен биргелешкен көптөгөн долбоорлору жана кызматташуунун келечектүү багыттары бар.

Чындыгында чек арада окуялар болгон, бирок биз аларды тез эле токтотууга аракет кылчубуз. Кесиптешим Сироджиддин Мухриддинович менен бардык мамлекеттик түзүмдөр менен тыгыз байланышта болуп, ар дайым компромисс табууга аракет кылдык. Албетте, акыркы чечимди мамлекет башчылары кабыл алышчу. Биз бир тууган тажик эли менен кылымдар бою жанаша жашадык жана биздин милдетибиз бир туугандык мамилелерди сактап калуу экендигин белгилей алам.

Булак: bbc.com

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн