Бугу 07, 2024
Убакыт: 17:30
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Чыңгыз Айдарбеков: Маалыматты бурмалагандарды Кудай өзү жазалайт

06.02.2021 16:50
831
Чыңгыз Айдарбеков: Маалыматты бурмалагандарды Кудай өзү жазалайт

Жарым жыл мурун, өлкөдө COVID-19 дарты дүрбөлөңгө түшүп, бүт өкмөттүн күчү ошол учурдагы көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган. Бул багытта эң көп ишти Аппараттын Сыдыков Данияр жетектеген тышкы саясат бөлүмү, Тышкы иштер министрлиги жана элчиликтер алып барды. Муну мен 100% кепилдик менен айта алам, себеби күнү-түнү уйкудан калып иштеп, көп жыйынтыктарды алып келдик. Бул жөнүндө өкмөткө тиешелүү отчет берилген. Албетте, бул мактана турган нерсе эмес, болгону акыркы терс маалыматтардан улам айтканга аргасыз болот экенсиң. Азыр бурмалаганга арекет кылып жаткан адамдарды Кудай өзү жазалайт. Чындык эч убакта тебеленбейт! Ошол оор учурдан пайдаланып бизнес кылган, өз кызыкчылыктарын гана ойлогондорго элдин убалы тийсе кана?

Тартылган гранттык каражаттар жана гумжардамдар Республикалык штабтын тапшырмасы боюнча түздөн-түз жоопту органдарга келип түштү. Ошол эле учурда, техникалык жардам, гуманитардык жүк (жеке коргонуу каражаттары, ПЦР-анализдери, экспресс-тесттер, беткаптар ж.б.), аэропортко жана чек араларын өткөрүү пунктарына келгенден кийин дароо эле Саламаттыкты сактоо министрлигинин карамагына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн штабынын оперативдик көзөмөлү астында түздөн-түз өткөрүлүп берилген.

Кыргыз Республикасынын тиешелүү аппараттарынын тышкы саясат бөлүмдөрү, Тышкы иштер министрлиги жана элчиликтери ички иштерге кийлигишүүгө, келген жардамды кабыл алууга, өзү каалагандай таркатууга укуктары жок. Тек гана башка мамлекеттер, эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөрдү алып барган. Бул багытта бардык элчиликтердеги жана Борбордук аппараттагы дипломаттар тынбай иштешти.

Баарыңыздар билгендей эле, COVID дарты менен өзүм катуу оорудум. Атүгүл ооруканалар орун жоктугуна байланыштуу мени госпитализациялоодон баш тартышты. Дары-дармектерди шаар бою издөөгө дуушар болдум.

Биз элибизге кызмат кылып, бүт аракттерибизди ушул багытка жумшаганбыз. Бардык кесиптештериме ыраазымын.


Чыңгыз Айдарбеков

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн