Бугу 09, 2024
Убакыт: 12:49
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Чыңгыз Айдарбеков: «Тажик тараптан болгон мыйзамсыз иш-аракеттерди репарация жолу менен жоопко тартыш керек» (видео)

03.05.2021 09:45
891
Чыңгыз Айдарбеков: «Тажик тараптан болгон мыйзамсыз иш-аракеттерди репарация жолу менен жоопко тартыш керек» (видео)


Ушул жылдын 28-майында башталып, 1- май күнү да уланып барып токтогон Тажикстандын Кыргызстанга жасаган аскердик кол салуусу азыр дүйнө коомчулугунун талкуусунда турат. Эл аралык деңгээлдеги көптөгөн маалымат каражаттары акыйкаттыкты айтып, тажик тараптын агрессиясын сынга алууда.


Тажикстандын Кыргызстандын территориясына ачык эле аскердик техникалар менен кол салуусунун натыйжасында ондогон адамдардын өмүрү кыйылып, жүздөн ашуун адам түрдүү жаракаттарды алды. Кыргыз айылдарынын үйлөрү өрттөндү. Алтургай мектеп имараттарын да өрттөп салышты. «Тез жардам» унаасын аткылашты. Эми бул окуяга дүйнө коомчулугу баасын берип, тажик тараптын жоопкерчилиги каралышы керек. Бул тууралуу Кыргызстандын мурдагы Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков атайын билдирүү жасады. Анын билдирүүсүн төмөндө толугу менен жарыялайбыз:


«Урматтуу мекендештер жана Кыргызстандын достору! Акыркы күндөрү чек арада болуп өткөн окуялар карапайым адамдардын жана жоокерлерибиздин өлүмүнө алып келди. Оор орду толгус жоготуулар. Жаткан жерлери жайлуу болсун. Жакын туугандарынын кайгы-муңун баарыбыз тең бөлүшүп отурабыз. Ошону менен бирге карапайым жарандарга моралдык жана материалдык ири зыянкелтирилген. Тажик тараптан болгон мыйзамсыз иш-аракеттерди жөн калтырбоо керек. Жоопко тартыш керек. Жоопко тартыш үчүн эл аралык ыкмалар бар. Алардын бири репарация. Бул жөн гана чыгымдарды ордуна келтирүү эмес, бул комплекстүү чара көрүү. Анын алкагында бир нече жыйынтыктарга чыкса болот. Эл аралык коомчулук тарабынан агрессияны сынга алуу, эл аралык деңгээлде агрессия колдонгон тараптын аброюн төмөндөтүү, санкцияларын киргизүү, агрессияны жасаган тараптын эл аралык деңгээлде күнөөсүн мойнуна алуусу, агрессиянын айынан болгон чыгымдарды калыбына келтирүү, жабыркаган тарапка, анын жарандарынын материалдык жана моралдык компенсацияны төлөтүү жана башка чаралар. Ал үчүн азыр мамлекетке жардам берүү керек. 2021-жылдын апрелинин аягында Тажикстан тарабынан Кыргыз Республикасына жасалган агрессияга байланыштуу бардык видео жана фото материалдарды чогултуу зарыл. Бул материалдар Кыргызстанга эл аралык деңгээлде аскердик агрессия актысы үчүн Тажикстанды жоопко чакырууга жардам берет. Кыргыз Республикасы эл аралык мамилелердин жооптуу субьектиси катары эл аралык милдеттенмелерин толугу менен аткарып, көптөгөн абройлуу эл аралык уюмдардын, анын ичинде универсалдуу уюму – БУУнун мүчөсү. Кыргызстан дүйнөнүн колдоосуна жана Тажикстандын агрессивдүү аскердик аракеттерин айыптоосуна муктаж болду. Расмий Душанбенин аракеттерин айыптап, Тажикстанды чек ара маселелерин тынчтык жолу менен чечүүгө мажбурлоодо биз союздаштарыбыздын, өнөктөштөрүбүздүн жана боордош өлкөлөрдүн жардамына ишенебиз. Эл аралык иликтөө жүргүзүп, чек ара суроолорун чечүү үчүн тажик тараптын оор аскер техникасын жана курал-жаракты колдонуп, бир тараптуу алдын-ала пландаштырган аскердик агрессиянын натыйжасында ченей алгыс оор жоготууларды репарация жолу менен компенсация төлөп берүүгө милдеттендирүү керек. Анын үстүнө гуманитардык укуктун ченемдери жана принциптери көз көрүнөө бузулду. Гуманитардык ченемдерге ылайык, туруктуу аскерлер тарабынан жөнөкөй жарандарга, куралсыз адамдарга ок атууга, жарандык мүлктү жок кылууга, медициналык кызматкерлерге кол салууга жана «Тез жардам» унааларын атып салууга тыюу салынган. Бул оор кылмыштар үчүн бирөө жооп бериши керек. Урматтуу мекендештер, биз баарыбыз дүйнөлүк коомчулукка жана Тажикстанга 21-кылымда аскер техникасын бир тараптуу колдонуу жолу менен орто кылымдык методдор менен маселелерди чечүү цивилизациялуу эмес экендигин, достук мамилелерге жатпастыгын, натыйжалуу эместигин жана жазасыз калбастыгын көрсөтө алабыз. Келгиле, акылдын күчү жана коомдун биримдиги орой күчкө караганда күчтүү экендигин көрсөтөлү. Белгилеп кетиш керек, бул жалпы боордош тажик элинин агрессиясы эмес, Тажикстандын айрым чиновниктеринин чыккынчылыгы, кыянаттыгы. Ошолор жоопко тартылышы керек».


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн