Аяк оона 08, 2024
Убакыт: 07:11
USD
84.10
84.60
EUR
92.80
93.80
RUB
0.920
0.960

Чыңгыз Айдарбеков, ЖК депутаты: “Чет өлкөлүк студенттердин окуганы – билим берүү системасына чоң салым”

28.05.2024 10:26
3242
Чыңгыз Айдарбеков, ЖК депутаты: “Чет өлкөлүк студенттердин окуганы – билим берүү системасына чоң салым”


- Чыңгыз Азаматович, 17-18-майда болгон окуялардын себептерин сиз эмнеден көрөсүз? 


- Бул өтө өкүнүчтүү нерсе. Бизде мындай окуя жөн эле пайда болгон жок. Кыргызстанга келген чет өлкөлүк жарандардын саны жылдан жылга көбөйүүдө. Тиричиликте ар кандай окуялар болушу мүмкүн. Кечээкидей уруп-сабоо сыяктуу көрүнүштөргө укук коргоо органдары чукул реакция жасоого тийиш. Алдын ала чаралар көрүлүшү зарыл. Эгер чет өлкөлүк жарандар менен жергиликтүү тургандардын ортосунда түшүнбөстүк пайда болсо, алар менен алдын ала сүйлөшүүлөрдү алпаруу керек. Мыйзам чегинде түшүндүрүү, эскертүү жасашы кажет. Көрүп атпайсыздарбы, окуя бир нече күндөн кийин башталды. Ага чейин социалдык тармактарда коркунучтуу коңгуроолор кагылып, ага карата реакция жасалышы керек болчу, бирок жасалган жок. Бул жагынан сөзсүз түрдө биринчи кезекте биздин жарандарыбыз сабырдуулукту, даанышмандыкты көрсөтүшү абзел. Негизи элибиз илгертеден эле даанышман, айкөл эл. Бири-бирибизге аяр мамиле жасоого тийишпиз, өзгөчө чет өлкөлөрдөн келген жарандарга карата. Себеби, алар биздин жерге ар кандай себептерден улам келип жашап жатышат. Көпчүлүгү окуп жаткандар. Бул комплекстүү түрдө жакшылык гана алып келе турган, оң таасир эте турган нерсе. Экономика, социалдык, илим-билим жагынан. Алар биздин жарандарга салыштырмалуу кымбатыраак контракт төлөп, билим алышууда. Аныгында, өлкөдөгү билим берүү системасына кошулган чоң салым. Мындан тышкары, алар жатаканаларда жашап, акы төлөшөт, ашканалардан тамак жешет. Андан тышкары, элдердин ортосунда маданий байланыштар чыңдалып, өз ара байытуу процесси жүрүүдө. Ошондуктан, мындай процесстерге биз эң оболу оң жагынан карап, аларга жакшы шарттарды түзүп, укуктарын коргоого аракет кылганыбыз оң.


- Сиз негизинен бизде билим алган студенттер жөнүндө айтып жатасыз. Ал эми иштеп жаткан чет элдиктерге карата мамилебиз кандай болушу керек?


- Эгер мыйзамдуу түрдө иштесе, аларга карата эч кандай маселе болбоого тийиш. Расмий түрдө каттоодон өтүп, тийешелүү салыктарды төлөп, иштей беришсин. Бул экономика үчүн жакшы нерсе. Айталы, алар тигүү цехинде иштешип, товар чыгарышып, ал товарлар чет өлкөлөргө экспорттолсо, биздин бюджетке каражат келип түшөт. Бул мультипликативдүү эффект.  


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн