Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков өзүнүн фамилиясына байланыштуу түшүндүрмө берди. Бул тууралуу эл өкүлү "Говори.твга" билдирген.
Чыңгыз Айдарбеков Иманалы Айдарбековдун фамилиясын чоң апасынын керээзи менен алып жүрөт.
"21 жашыма чейин Айдарбеков фамилиясы менен жүргөм. Андан атамдын өтүнүчү менен Эгембердиев фамилиясына өттүм. Бирок 6 жылдан кийин чоң апам каза болор алдында Иманалы Айдарбековдун фамилиясын алып жүрүүнү керээз кылып кетти. Мындан улам кайра Айдарбеков фамилиясына өткөнмүн",- деди эл өкүлү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн