Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 04:31
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Чыңгыз Айтматовдун көрүстөнүндөгү түндүктүн алынганынын себеби айтылды

18.07.2021 16:35
1661
Чыңгыз Айтматовдун көрүстөнүндөгү түндүктүн алынганынын себеби айтылды


Айрымдар такталбаган маалыматтарга таянуу менен коомчулукта “Ата-Бейит” мемориалдык комплексиндеги Чынгыз Айтматовдун көрүстөнүндөгү түндүк “белгисиз адамдар тарабынан алынган” деген пикир жаратуу аракетин көрүүдө.Мындай маалымат толугу менен чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.


Эске салсак, буга чейин коомчулукта мемориалдык комплекстеги жерде жаткан түндүктөр боюнча кайчы пикирлер айтылып,жакшы эмес жышаан катары кабыл алгандар арбын болгон.Улуттун улуу символикасын бийик көтөрүү максатында, “Түндүгүң түшкүр” деген наалаттан алыс болуу ниетинде,учурда долбоордун автору У.Бейшенбаев менен биргеликте атайын топ бул маселе боюнча иш алып барып,жаңы көрүнүш берүү концепциясы талкууда. 


Ал эми Айтматовдун көрүстөнүнүн таштары жаңыртылып,толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө.Министрлик мемориалдык комплекс 24 саат бою атайын күзөт тарабынан күчөтүлгөн режимде кайтарыларын эскертип,популисттик аракеттен алыс болууга чакырат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн