Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 07:08
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Чыңгыз Айтматовдун унаасы оңдолуп, музейге коюлат

20.06.2021 11:12
2666
Чыңгыз Айтматовдун унаасы оңдолуп, музейге коюлат


Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов көп жыл айдаган УАЗ-469 унаасы оңдоп-түзөөдөн өткөн соң, Айтматов үй музейине кайтарылат. Бул тууралуу ПолитКлиника редакциясы жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, бул кабар менен Чыңгыз Төрөкуловичтин кенже уулу Элдар Айтматовдун келинчеги Сабира Айтматова социалдык түйүндөгү баракчасына бөлүшкөн.


Алар атасынан калган таберикти жасалгалап, алгачкы кейпине келтирген соң, каалоочулар Айтматов музейинен көрсө болоорун билдиришкен.


1976-жылы чыгарылган УАЗ-469 унаасын Чыңгыз Айтматов көп жыл кастарлап айдап, 1998-жылы Чүй облусунун Арашан айылында жашаган Мурат аттуу тууганына белек кылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн