Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 02:36
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Чынгыз Ажибаев: Эдил Байсалов биздин суроолорго жооп бере албаса бул жерде эмне кылып отурат?

15.06.2022 12:40
453
Чынгыз Ажибаев: Эдил Байсалов биздин суроолорго жооп бере албаса бул жерде эмне кылып отурат?

Бүгүн, 15-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Чынгыз Ажибаев убактылуу кармоочу жайда мыйзамсыз кармалган жарандар тууралуу маселе көтөрдү.


"Лейлек районунда соттун мыйзамсыз чечими менен жарандар тергөө абагына эмес, убактылуу кармоочу жайда кармалып отурат буларды билесизби",- деди депутат.


"Мен Лейлек районунун убактылуу кармоочу жайына барганмын. Бир гана Лейлек эмес, өлкөдө үч жерде тергөө абагы жоктугуна байланыштуу соттор кодексте жок болгонуна карабай, адамдарды убактылуу кармоочу жайда кармоо чечимин чыгарып жатат",- деди  кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунун директору Бакыт Рысбеков.


"Эдил Байсалов, бул боюнча сиз эмне дейсиз?",- деди Ажибаев.


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов депутаттын суроосуна жооп берген жок.


"Алмасбек Ахунжанович, (Абытов; - ред) Эдил Байсалов биздин суроолорго жооп бере албаса бул жерде эмне кылып отурат!",- деди депутат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн