Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 03:07
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Чынгыз Ажибаев, ЖК депутаты: Диплом боюнча актангым келбейт, каралагандар аман эле болсун

16.03.2022 14:25
9012
Чынгыз Ажибаев, ЖК депутаты: Диплом боюнча актангым келбейт, каралагандар аман эле болсун


- Чынгыз мырза, социалдык тармактарда айрымдар диплому жасалма делген 4 депутаттын бири катары сизди айтып жатат. Чын эле дипломду сатып алдыңыз беле?


- Бул эми карандай калп, ачыктан-ачык каралоо. Мактангандай болбоюн, менчелик сабакты калтырбай окуп, сессияларга күнү-түнү даярданган студенттер аз болчу. Жамандайт десе эле аша чаап жаткандар өздөрү уят болушун билип турса керек. Аларды аман болсун гана деп айтам. 


- Кайсы окуу жайды бүттүңүз эле? 


- Улуттук университеттин юридика факультетин бүткөм. Аскердик билетти Аскердик кафедраны аяктап алгам. Жогорку окуу жайда билим алгандар Аскердик кафедраны ЖОЖдо туруктуу билим алгандар гана бүтө аларын эң жакшы билет. Ошол жерде мени окуткан мугалимдер азыр деле иштеп жатса керек. Кызыккандар барып сураса айтып берет. Актангым деле келбейт.


- Фейк маалымат таратып, бирөөнү каралагандарды жоопко тартууга жол ачкан мыйзам күчүнө кирген. Сотко бербейсизби аларды?


- Эми андайга убактымды короткум келбейт. Жаза берсин, өтө эле аша чаап баратса мыйзам менен тизгинин тартабыз. Басмырлай бергенге ким эле жол берсин? Ар бир адамдын укугу сакталышын жактоочусумун.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Жумагул Туяковна
Чынгыз сендей уулду тарбиялап остургон ата апана чоон рахмат. Коро албастар ойундагын айта берет . Сен конул бурба только алдыга. Аллахым иштерине берекесин берсин. Кай жерде болбо Аллахым колдосун оооомин.