Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 21:16
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Чыңгыз Ажибаев, ЖК депутаты: “Менин атам криминал эмес”

05.12.2023 11:12
670
Чыңгыз Ажибаев, ЖК депутаты: “Менин атам криминал эмес”


- Чыңгыз Ильяскожоевич, эмнегедир Баткен облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси 200 миң доллар менен кармалар замат 60 жаштагы атаңыз “криминалдын мүчөсү” деген маалымат тарады. Бул ишке кандай тийешеңер бар?


- Талант Мамытов кармалгандан кийин эле аны мени карматып койгондой таасир калтыруу үчүн жок жерден бизди ал ишке аралаштыргысы келгендер болду. Чынында Талант Мамытов экөөбүздүн ортобузда пикир келишпестик же бири-бирибизге кара санаган жагдай эч качан болгон эмес. Мурда милицияда иштеп, үч жылдан бери издөөдө жүргөн Аваз Абдураимов өзүнүн кылмыштуу ишине Талант Мамытовду аралаштырып, ал кармалып калгандан кийин өзүн актоо, коомчулукту адаштыруу үчүн теманы башка нукка буруу максатында манипуляция кылып, менин атымды атай башташты. Анткени ал абдан куу жана амалдуу. Азыр бир жактуу бизди каралаган ыкманы пайдаланууга өттү. 

Баарынан кызыгы, алар криминалдык дүйнө менен байланышы болбогон, өз оокаты менен алек болгон атамды дагы “криминалдын мүчөсү” дегенге жетишти. Атам криминал болмок турсун, андай иштерден түшүнүгү да жок карапайым адам. Кылмыштуу топторго эч кандай тийешеси жок. Атам кылмыш жоопкерчилигине эмес, административдик жоопкерчиликке да тартылган эмес. 


УКМКнын жетекчиси Камчыбек Кыдыршаевич жалган маалыматтардын чын-бышыгын иликтетет, кылмыш дүйнөсү менен аралашкандардын жазасын берет, коррупциялык системага бөгөт коёт (!) деп ишенем. Мына ушундай максатта иш алып барганы үчүн президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчисин камакка алды да...


- Көптөр Талант Мамытов эмне үчүн 200 миң долларга ортомчу болгонун түшүнө албай жатышат. Ал иш кандай болгонунан кабарыңыз барбы?


- Абдураимов Аваздын бир тууганы Пардабай Абдураимов экөө шахтанын ээси Бакыт Абдуназаровду (Анкл Бенс) түрдүү жолдор менен коркутуп, көмүр кенин рейдерлик жол менен тартып алууну көздөшөт. Акырында “200 миң доллар берсең, көмүр кенине жалгыз ээ болосуң” деген сөздү Абдураимов Аваз менен Пардабай жакын досу, президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси Талант Мамытов аркылуу айттырышат. Талант Мамытов мына ошолорго ортомчулук милдетти аткарганы үчүн колго түшүп, камакка алынып отурат.


- Социалдык тармактарда сиздин үй-бүлөнү “наркобарондор менен дагы кызматташат” деген маалыматтар айтылып жатат го?


- Фейктер чындыкка дал келбеген, түшкө кирбеген нерселерди жазып жатышат. Чынында биздин үй-бүлө андай арам оокаттан алыс, таман акы, маңдай тер менен жашаган адамдар. Мындай маалыматтын баарын жогоруда сөз кылган Талант Мамытовдун камалышына себепкер болгон Аваз Абдураимов деген адам жаздырып жаткандай. Анткени, анын бир тууган эжеси Назгүл Абдураимова экөөбүз шайлоодо бир округдан ат салышканбыз. Мүмкүн атамды кылмыштуу топтун мүчөсү, биздин үй-бүлөнү наркобарон деген жалган маалымат таркатса эле менин мандатымды алып, анын эжеси менин ордума депутат боло тургандай ойлоп жаткандыр. Эжесинин жардамы менен Кыргызстанга келип, реабилитация болуу максаты менен акылга сыйбаган жалган маалыматтарды таркатышып жатышат окшойт. 


Негизи шайлоо мезгилинде эле атамды, кайнатамды куугунтуктоо, бир жактуу каралоо башталган. Биздин үй-бүлөнүн наркобарондор менен байланышы болгондо, эбак эле ал ачыкка чыгып, эл мага добуш бермек эмес. Атам бирөөнү коркутуп мүлкүн тартып алган болсо, учурдан пайдаланып жабыркагандар жабалактап арыз жазышмак. 


- Сизди жок жерден каралап жаткан Аваз Абдураимов деген ким? Ал кандай иштер менен алек болгон? 


- Бизге жалаа жаап, жалганды чындай кылып жаздырып жаткан Аваздын өзү баңги бизнеси менен түздөн-түз байланышы бар. Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө салым кошкон, ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын улук тергөөчүсү болуп турганда өзгөчө ири өлчөмдө пара алган, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, адамдарды сабагандыгы үчүн издөөдө жүргөн. Шахтёр Бакыт Абдуназаровдон Талант Мамытов аркылуу 200 миң АКШ долларын талап кылып, анын камалышына себепкер болгон адам. Кыскасы, ал бул кылмыштардын уюштуруучусу жана жетекчиси. Бул эпизоддордун бардыгы боюнча ага КР Кылмыш-жаза кодексинин тийешелүү беренелери боюнча сыртынан айып тагылган. Мына ушундай жаман иштер менен алек болгон адам ак жеримден каралап, атамды криминал, наркобарон кылып сүрөттөп жатат. Оор кылмыштарды жасап, издөөдө жүргөн Талант Мамытовду да кылмышка түрткөн Абдураимов Аваз келип, өзүнүн кылмыштары үчүн жооп бериши керек.


- Сиз “атам криминал эмес” дегениңиз менен Камчы Көлбаев менен түшкөн сүрөтү да интернетке жарыяланып, коомчулукта талкуу жаратып жатат го?


- Атамдын бир тууган иниси 30 жыл мурда Чолпон-Ата шаарынан үйлөнгөн. Ал мезгилде Камчы Көлбаевден дайын жок мезгил экен. Кайсы жылы экени атамдын так эсинде жок. Көлгө эс алганы барганда Камчы Көлбаевдин иниси Жолдош (Кыргызстандын дзюдо федерациясынын башчысы) спорт комплексин куруп жатышканын айтып, “Баткендин спортсмен балдары болсо, машыксын, чемпион болсун” деп атама жакшы ниет менен спорт комплексин көрсөтүшкөн экен. Ошол жерге барганда Камчы Көлбаев менен жолугуп калыптыр. Жанагы интернетке жарыяланган сүрөт ошондо тартылган. Атамды бир сүрөт үчүн эле “криминалдар менен байланышы бар” деп каралоонун өзү туура эмес.


- Сиздин үй-бүлөнү “Арзыбек Бурханов менен бирдикте кадр саясатын чечип, Баткенди каалагандай калчаган адамдар” деген да маалыматтар айтылып жатат го. Бул сөздөрдүн чындыгы барбы?


- Мунун баары жалган. Арзыбек Бурханов менен жакындыгыбыз деле жок. Баткендеги кадр саясатын тейлеп деле көргөн эмеспиз. Биздин үй-бүлө эч кимге кара санабаган, эч кимдин мүлкүн тартып албаган, эч кимге кыянаттык кылбаган, өз иштери менен алек болгон үй-бүлө. 


- Мүмкүн кайнатаңыздын Бурханов менен тууганчылыгы бардыр?


- Кайнатам Бурханович болгону менен Арзыбек Бурханов менен тууганчылыгы жок. Көптөр аныгын билбей эле Бурханович болсо эле божомолдоп жазып жатышат. 


- Сүлүктүдөгү көмүр мафиясына да тийешеңер бар экени чынбы?


- Сүлүктүдө “көмүр мафиясы” деген сөз жок. Ал жерде ар бир шахтанын ээси бар. Кызыкдарлар чыкса, ар бир шахтанын ээсине барып, сурап көрсө да болот. Ата-энемдин илгертеден бери эле иштеткен бир шахтасы бар. Андан башка шахтага ээлик кылышпайт. 


- УКМКнын маалыматынан кийин “атасы криминал, баласы депутат” деген ылакап айтылып калды. Эми мандатыңызды алып койбойбу?


- Мыйзамдуу өлкөдө жашайбыз. Мен кылмыш жасабасам, же атам кылмыш кылбаса, мандатымды жалган сөз үчүн алууга негиз жок да. Эл берген мандатты актап, чын дилден кызмат кылып берейин деген максатта иштеп жатам. 


- Кесиптештериңиз эмне деп жатышат?


- Кесиптештерим телефон чалганда дагы, жолукканда да “түз жүргөн жигитсиң го. Эмнеге мындай болуп жатат?” деп таңгалышууда. 


- Баса, аскер прокуратурасына кайнатаңыз Нуркамал Набиевдин арты менен кызматка кирдиңиз беле?


- Мен көпчүлүк адамдардай эле конкурстан өтүп, анан аскер прокуратурасына кызматка киргем. Бир айылдык болгон үчүн кайнатымды таанычумун. Бирок, эч кандай жакындыгыбыз жок болчу. Кызына баш кошкондон кийин жакындан биле баштадым. Тагыраагы, үйлөнгөнгө чейин эле аскер прокуратурасында иштечүмүн.


- Мандаттын түйшүгүн сезип жатасызбы же ырахатын көрүп атасызбы?


- Түйшүгүн көп тартып жатам. Анткени, мен депутат болгон округ оор аймактардын бири. Тажикстан менен чектешкен район. Элден алган аманатка кыянаттык кылбайын деп, болгон мүмкүнчүлүгүмдү жумшап иштеп жатам. 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн