Чыңгыз Ажибаев Борбордук шайлоо комиссиясына Жогорку Кеңештин депутаттыгына 28-ноябрда өтө турган шайлоого катышуу үчүн арыз жазды. Бул тууралуу БШКнын сайтына жарыяланды.
Белгилүү болгондой, Чыңгыз Ажибаев Баткен облусундагы №1 Лейлек округунан шайлоого барат. Ал буга чейин бир канча жолу кайрымдуулук иштерин жасап, ар кандай спорттук иш-чараларга демөөрчүлүк кылып келген жаш муундун өкүлү. Бир мандаттуу округдан шайлоого аттанган Ажибаев учурда Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасында кызмат өтөөдө.
Эскерте кетсек, шайлоо округдары боюнча шайлоого катышуу үчүн документтер 13-октябрда саат 18-00гө чейин кабыл алынат.
Пикирлер (4)