Бугу 21, 2024
Убакыт: 18:19
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Чыныбай Турсунбеков: Мыйзамсыз бизнесимди тапкандарга аны белек кылам

15.06.2020 17:15
1126
Чыныбай Турсунбеков: Мыйзамсыз бизнесимди тапкандарга аны белек кылам


Эгерде менин кандайдыр бир мыйзамсыз бизнесимди тапсаңар, ошол фирмаларымды белек кылам, деп билдирди Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине комменарий берип. Бирок ал суроолорго толук жооп берүүдөн баш тартты.


Белгилей кетсек, акыркы убактарда айрым маалымат булактарында Жогорку Кеңештин экс-спикери Чыныбай Турсунбеков декларацияга айрым ишканаларын көрсөтпөй, бизнесин жашыргандыгы тууралуу маалыматтар тараган.


Маалыматтар боюнча, эл өкүлү үч жылдайжубайынын айрым бизнестери боюнча салык органдарына кабар берген эмес. Мурда айтылгандай, Чыныбай Турсунбеков мамлекеттен өзүнүн 6 компаниясын жашырып, үч жыл катары менен 39 млн сомдон ашык каражат тапкан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн