Бугу 03, 2024
Убакыт: 19:29
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд жана КРнын Улуттук жазуучулар союзу поэзия конкурсун өткөрөт

29.03.2021 09:31
1135
Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд жана КРнын  Улуттук жазуучулар союзу  поэзия конкурсун өткөрөт

Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд Кыргыз Республикасынын  Улуттук жазуучулар союзу менен биргеликте жаш акындар арасында “Жаш толкун”  поэзия конкурсун жарыялайт. Бул тууралуу Улуттук жазуучулар союзунун расмий сайты маалымдады.


Конкурска 18 жаштан 35 жашка чейинки (35 жаш кошулат) акындар катыша алышат.

Байге фонду – 200 000 (эки жүз миң) сом:
Гран-при – 100 000 (жүз миң) сом
1-орун – 50 000 (элүү миң) сом
2-орун – 30 000 (отуз миң) сом
3-орун – 20 000 (жыйырма миң) сом.

- Конкурстук арыздар электрондук ([email protected]) жана кагаз түрүндө жиберилиши шарт.
Фонддун дареги: Бишкек. ш. Кулиев 2, почта индекси 720010.
Сурап билүү үчүн телефон: 0312 658-658, 0554 53-54-85.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн