Бугу 17, 2024
Убакыт: 22:08
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Чыныбай Турсунбековдун дүйнөдөн өткөнүн кайышуу менен кабыл алдык, - ТҮРКСОЙ

10.07.2020 09:01
1206
Чыныбай Турсунбековдун дүйнөдөн өткөнүн кайышуу менен кабыл алдык, - ТҮРКСОЙ


ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Дүйсен Касеинов Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, депутат Турсунбеков Чыныбай Акуновичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу төрага Дастанбек Жумабековго көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан маалымдашты.


Телеграммада мындай деп айтылат:


"Урматтуу Дастанбек Артисбекович!

Биз, ТҮРКСОЙ жамааты Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбеков Чыныбай Акуновичтин дүйнөдөн өткөндүгү тууралуу кабарды кабыргабыз кайышуу менен кабыл алдык. Кыргызстан үчүн орду толгус жоготуу болду. Андыктан, сиз жетектеген Жогорку Кеңешке, маркумдун үй-бүлөсүнө жана жалпы кыргыз элине көңүл айтабыз, аза кайгыңыздарды тең бөлүшөбүз.

 

Турсунбеков Чыныбай Акунович депутат катары да, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы катары да ТҮРКСОЙдун Кыргызстанга байланыштуу долбоорлорун колдоого алып келген. ТҮРКСОЙдун буйрутмасы менен драматург Кайрат Иманалиевдин калемине таандык “Коркут Ата” драмасын Кыргызстандын Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында сахналанышына астейдил жардамын көрсөтүп, прьемерасына өзү келип катышкан.

 

Турсунбеков Чыныбай Акуновичтин жалпы Түрк дүйнөсүнө өтөгөн кызматы да кыйла. Ал биринчилерден болуп эгемендүү Кыргызстандын атынан Түркияда иштеген, биринчилерден болуп түрк тилин өздөштүргөн кыргыз айдыңы. Заманында Билим берүү министрлигинин Түркиядагы өкүлү, TIKA кызматкери, Кыргызстандын «Манас-1000» Мамлекеттик комитетине караштуу Түркиядагы «Манас дастаны» филиалынын мүдүрү кызматтарын аркалаган.

 

"Түрк дүйнөсүнүн адабияты" аталышындагы эки томдук китепти, Нихал Атсыздын "Көкжалдардын өлүмү" романын кыргыз тилине которгон.


Жалпы Түрк дүйнөсүнө жасаган эмгектерин эске алуу менен ТҮРКСОЙ Чыныбай Турсунбековду 2017-жылы ТҮРКСОЙдун Жусуп Баласагын медалы менен сыйлаган.


Эбегейсиз эмгегин эли-журтуна, түрк дүйнөсүнө арнаган акын, мамлекеттик ишмер Турсунбеков Чыныбай Акуновичтин элеси биздин да жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн