Бугу 13, 2024
Убакыт: 22:48
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Чыныбай Турсунбековдун кызы: Атам желдетүүчү аппараттын алдында 7 күн жатты

13.11.2020 14:10
924
Чыныбай Турсунбековдун кызы: Атам желдетүүчү аппараттын алдында 7 күн жатты


Мэрияда пандемияга даярдануу боюнча  болуп өткөн жолугушуда сүйлөгөн сөзүм боюнча көптөгөн суроолор түшкөн үчүн кыргызча вариантын чыгарайын деп чечтим.


Бүгүн биз ушул жылдын жай айларында коронавирустан өз туугандарын жоготкондордун атынан чыгып олтурабыз. Балким айрым адамдар «арадан төрт ай убакыт өттү, булар эмнеге эле тынчыбай жатышат» деп ойлоп калышы мүмкүн. Ооба, биз жакындарыбызды кайтара албайбыз. Бирок биз өткөн тозоктон силердин өтүшүңөрдү каалабайбыз. Бизди кайгы бириктирди, жакындарын жоготкондордун ватсап группасы түзүлдү. Алардын көпчүлүгү азыр дагы тереӊ депрессия абалында жашап жатышат. Мындан аркы жашоо алар үчүн  өз маӊызын жоготкон сыяктуу. Алар азыр психотерапевттердин жардамына муктаж.  Үй-бүлөнү баккан жалгыз адамынан айрылып, учурда күнүмдүк тамак-ашка акчасы жок отургандар дагы жок эмес. Ал эми баарыбызды ойлондурган жалгыз суроо: эмне үчүн биздин өлкө пандемияга даяр эмес болуп чыкты? Эмне үчүн ооруканалар даяр эмес эле, эмне үчүн медициналык кызматкерлер окутуудан өткөрүлгөн жок, эмне үчүн дары-дармек жок болду, болсо дагы үч-төрт эсе кымбат сатылып жатты? 


Жеке мен өзүм негизги 4 маанилүү учурду белгилегим келет жана сиздердин дагы ал нерселерге  көӊүлүӊүздөрдү бурушуӊуздарды талап кылабыз. 


Биринчиден, бул медициналык персоналды окутуу жана пандемияга даярдоо маселеси. Биздин оюбузча, убакыттын жеткиликтүү болгондугуна карабастан, врачтар менен медайымдарды кайра даярдоо жана окутуудан өткөрүү иштери өтө төмөнкү деӊгээлде аткарылган, эгерде аткарылган болсо.  Мисалы, №3 протоколдун көлөмү  137 барактан, №4 протоколдун көлөмү 177 барактан турган. Врачтардын баары ушунча материалды толук окуп чыгып өздөштүргөндүгүнө кепилдик бере аласынарбы? Биз күмөн санайбыз. Себеби биздин колубуздагы илдеттер баянына көз жүгүртсөк, ар бир врач өз алдынча, колунан келишинче дарылаганы көрүнүп турат. Иштелип чыккан Протоколдун талаптарына ылайык дарылагандар аз эле болгон.


Демек зарыл болгон учурда врачтар кайрылып туруусу үчүн ошол протоколдордун эӊ маанилүү болгон үзүндүлөрдү камтыган өзүнчө документ (шпаргалка) иштеп чыгууга эмне үчүн болбосун?


Сиздер билесиздерби, пандемия башталган күндөн тартып бүгүнкү күнгө чейин бир дагы врач моргго барып, илдеттен каза болгон адамдардын текшерүү жыйынтыктары менен кызыккан эмес. Бейтаптар эмне себептен каза болгондугу, дарылоонун жыйынтыгы жана дарылоонун кайсы иш-чаралары натыйжасыз болгондугу эч бир кызыгуу туудурган эмес. Ал эми азыр бирөө-жарым бардыбы, же ал маселе дагы деле эч кимди кызыктырбайбы?


Мен ушул жерден Россия Федерациясындагы тажрыйбаны мисал катары келтиргим келип турат. Ал жерде ар бир врач 36 сааттык окутуудан өткөрүлөт, андан кийин атайын тест тапшырышат. Ошондон кийин гана коронавирус менен ооруган бейтаптарды дарылоого укук берүүчү сертификатка ээ болушат. Ал эми тест тапшыра албай калгандары кайрадан окутууга жөнөтүлөт.


Мен жакында эле бир нече врачтар менен сүйлөштүм. Алар Өкмөт өпкөнү жасалма жол менен желдетүүчү жаӊы аппараттарды сатып келгендигин, бирок аларды кантип иштетүү керектигин аларга эч ким үйрөтпөгөндүгүн айтышты. Мындай шалаакылыктын натыйжасы кандай болорлугун сиздер билесиздерби?


Экинчиден, дары-дармек маселеси. Жай айларында алар дээрлик жок болгондугун биз баарыбыз жакшы билебиз. Ал эми азыр абал кандай, дары-дармек жеткиликтүү деӊгээлде сатылып алындыбы? Жайындагыдай дары-дармек коллапсы болбойбу?


Ошондой эле бааларга карата катуу көзөмөл жүргүзүүлүшүн талап кылабыз. Бизде дары-дармектер кошумча нарк салыгынан бошотулган. Демек фармацевтикалык компанияларга салыктык жеӊилдиктер берилген. Анда эмне үчүн бизде дарылардын баасы Европадагыдан да кымбат?


Бул жерден мен жеке өз башыбыздан өткөргөн мисалды келтиргим келип турат. Биздин колубузда атабызды дарылатуу үчүн талап кылынган дарылардын узун тизмеси бар эле. Моксимум деген дарыны биз 16000 сомго сатып алдык. Бул анын бир флакону 1600 сом дегендик. Ал эми анын өз наркы болгону 700 сом экен. Ооба, бул дарыны мындай баага сатып алууга биздин үй-бүлөнүн мүмкүнчүлүгү жетет, ал эми бир айлык маянасы 10000-12000 сомду түзгөн үй-бүлөлөр кандай кылат? Дары сатып алууга акчасы жетпегендиктен жакын адамдары кантип өлүп бара жатканын карап турушу керекпи?  Эмне үчүн биздин өкмөт фармкомпанияларга өз жарандарынын кайгысынан акча жасоого мүмкүнчүлүк берди?


Мен Ырыс аттуу айымдын мисалын келтирейин. Ал унаасын бир дарынын 2 ампуласына алмашкан. Ошондой эле дагы бир мисал: жакында эле бир тууганым 19 жаштагы бир жаш жигитке кымбат баалуу  автоунаасын сатыптыр. Ал жигит жай айларында беткап жана өздүк коргонуучу каражаттарды сатуу менен өтө көп акча жасап алгандыгын айтыптыр.


Үчүнчүдөн, «кызыл аймактарда» пульмонолог, кардиолог, иммунолог жана инфекционист  сыяктуу атайын ылайыкташкан врачтардын жок болгондугу. Андыктан ар бир оорукананын «кызыл аймактарында» адистигине жараша зарыл болгон врачтарды топтоштуруу зарыл. Мисалы, менин атам өпкөнү жасалма түрдө желдетүүчү аппараттын алдында 7 күн жатты. 3-4-күнү ага трахеостомия жасоо зарыл болду. Колубузга жеке менчик клиникалардын биринде иштеген бир врачтын телефон номерин карматышты да «ушул адамды таап, операция жасоого макулдаткыла» деп айтышты. Демек Кыргызстандын Саламаттык сактоосунун жүзү болгон Улуттук госпиталда ушул операцияны жасай турган кесипкөй адис жок экен да.


Төртүнчүдөн, биз – жакындарын жоготкондор, пандемияга даярдык көрүү иштерине жооп берген жетекчилер жоопко тартылышын талап кылабыз. Марттан баштап биз карантинде отурганда, алардын колунда жеткиликтүү финансылык ресурс жана даярдык көрүүгө толук жетишерлик убакыт болгондугу белгилүү. Тагыраак айтканда, коронавируска каршы күрөшүү үчүн алынган финансылык жардам ооруканаларды даярдоого, медкызматкерлерди окутуудан өткөрүүгө, жеткиликтүү көлөмдө дары-дармек, тест-системалар, медициналык жабдыктарды сатып алууга, ар бир мамлекеттик ооруканага компьютердик томография орнотууга жана «тез жардам кызматына» керектүү жабдыктар жана дарылар менен камсыздоого толук жетмек. Тилекке каршы алардын бири да аткарылган эмес.


Ар бир чиновник өзүнүн жасап-жасабай койгон иш-аракеттери үчүн персоналдык түрдө жоопкерчиликке тартыларын түшүнмөйүнчө, биздин өлкөдө эч нерсе өзгөрбөйт. Ал эми өлкөбүздө жайында болгон кырдаал эртеӊ эле кайра кайталанышы мүмкүн. Ошондо биз гана эмес, силер дагы ыйлап калбаңыздар.


Айдай Турсунбекова


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн