Учтун айы 18, 2025
Убакыт: 14:56
USD
87.30
87.80
EUR
89.90
90.90
RUB
0.845
0.880

Чынтемир Аширалиевдин жактоочусу апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылды

11.12.2023 11:42
413
Чынтемир Аширалиевдин жактоочусу апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылды


Бишкекте үч адамды өлтүрүлүшү боюнча иш Бишкек шаардык сотуна келип түштү. Бул маалыматты соттун басма сөз кызматы тастыктады.


Чынтемир Аширалиевдин жактоочусу Октябрь райондук сотунун чечимине каршы апелляциялык арыз жазган.


Иш 20-декабрга белгиленди.


Белгилей кетсек, 2023-жылдын 16-февралына караган түнү Бишкектин 5-кичи районундагы батирден аялдын жана анын эки жашы жете элек баласы – 2005-жылы туулган кыз менен 2016-жылы туулган эркек баланын жансыз денелери табылган.


Милиция кызматкерлери адам өлтүрүүгө шектелип Чынтемир Аширалиевди кармашкан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн