Чыпалак баатыр деген ысым менен белгилүү болгон шоумен Зарылбек Аликенов Токтогул суу сактагычынын толтуруунун жолун сунуштады. Социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылуусунда да көптөн бери ойлоп келген пикирин айткан.
“Токтогул ГЭСиндеги суулар Өзбекстанга өтүп жатыптыр. Ошол үчүн да суунун көлөмү азайып, свет тартыштыгы жаралууда. Мен муну чечүүнүн уникалдуу жолун сунуштаймын. Сууну чоң турбалар менен кайра артка насостун жардамы менен кайтарып, суу сактагычты толтурса болот. Бул идеяны 1 жылдан бери күтүп жаткам, эч ким айткан жок”, - дейт ал.
Пикирлер (2)