Бугу 14, 2024
Убакыт: 17:11
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Чыр чыккан Чечмедеги булак Өзбекстанга өтүп кеттиби? (фото)

24.06.2020 10:13
1109
Чыр чыккан Чечмедеги булак Өзбекстанга өтүп кеттиби? (фото)


Фейсбук колдонуучусу Ирсалат Акпарова жакында эле кыргыз-өзбек жарандары ортосунда чыр чыккан Кадамжай районунун Чечме айылындагы булакка Өзбекстандын тиешелүү кызматтары келип, иш жүрүгүзүп баштаганын билдирген. Анын билдирүүсүн өзгөртүүсүз сунуш кылабыз:


-          Бул сүрөттөр Кадамжайдын Чечме айылындагы талаш болуп жаткан булакта тартылыптыр. Бүгүн Өзбекстан тараптан бийлик өкүлдөрү келип, ошол булакты сүрөттөргө тартып өлчөшүптүр. Бизге жеткен маалымат боюнча Кыргызстан тараптан эч ким келбептир. Келечекте бул булакты эс алуучу жайга айландырабыз деген пландарды караштырышыптыр. Булар кантип чек арадан өтүштү, ким аларга жооп берди? Кана биздин военныйлар? К.Боронов өткөнкү келгенде сүйлөшүүнүн жыйынтыгында эки тарап булакты бирге иштете турган болду деди эле. Эмнеге булар эс алуу жай курабыз деп менчиктеп жатышат? Бул жерде эмне болуп жатат, элге толук маалымат бергиле. Чечме айылында 1000 түтүн булаткан эл жашайт экен, аларга болгону 20 км алыстан суу келет экен. Эгер Чечме булагы жабылып кала турган болсо ошончо эл суусуз калат. Эмнеге 1000 адамды эл катарында көрүшпөй аларды катыштырбай жыйын өткөрүштү. Ким бүгүнкү окуяларга жооп берет? Элге так маалымат бергиле. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн