Бугу 15, 2024
Убакыт: 21:49
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Чогуу бизнес ачабыз деп шеригин алдап кеткен жаран кармалды

Чогуу бизнес ачабыз деп шеригин алдап кеткен жаран кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ИИБдин басма сөз кызматы билдирди.


Буга чейин ал киши досуна биргелешкен ишкана ачууну убада кылган. 2020-жылы июлда ал шеригинен 3400 доллар карыз алган. Бирок, ал убадасын аткарбай, качып жүргөн.


Алданган жаран 2021-жылдын 13-мартында милицияга кайрылып, бул факты КЖБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси ("Алдамчылык") менен катталган.


Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1983-жылы туулган А.М. кармалды. Ал Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


Кармалган жарандын башка кылмыштарга тиешеси бар экендигин ИИМ аныктайт. Ушуга байланыштуу, укук коргоо органдары шектүүнүн аракетинен жапа чеккен же кандайдыр бир маалыматка ээ болгон адамдардын баарынан төмөнкү телефондор боюнча кабарлап коюуну өтүнүшөт: 0 (702) 006-333 жана 102.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн