Бугу 07, 2024
Убакыт: 05:46
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Чолпон-Ата шаарында "Ысык-Көл 2023" эл аралык экономикалык форуму өтөт

10.07.2023 11:06
570
Чолпон-Ата шаарында "Ысык-Көл 2023" эл аралык экономикалык форуму өтөт


Чолпон-Ата шаарында "Ысык-Көл 2023" эл аралык экономикалык форуму өтөт. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. 

Форум 2023-жылдын 27-июлунда “Рух-Ордо” этномаданий борборунда өтөт.

Иш-чара Кыргызстандын, Кытайдын, Россиянын, Өзбекстандын жана башка бир катар өлкөлөрдүн бизнес-коомдоштуктарынын өкүлдөрүнүн ортосунда конструктивдүү диалогду түзүү үчүн аянтча катары кызмат кылат, бул келечекте кызыктуу жана маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга жол ачат.

Иштин багыттары энергетика, айыл чарба, өнөр жай, саламаттыкты сактоо, билим берүү, мейманкана жана ресторан бизнеси, архитектура жана курулуш (инжиниринг), маалыматтык технологиялар, логистика жана эл аралык ташуу сыяктуу кызматташтык чөйрөлөрүнө тиешелүү болот.

Делегациялардын кеңири курамын эске алуу менен атамекендик ишкерлер үчүн өнөктөштүк мамилелерди орнотуу жана бизнес сектордун өкүлдөрүнүн арасында ишенимдүү өнөктөштөрдүн чөйрөсүн кеңейтүү үчүн өзгөчө мүмкүнчүлүк берилет.

Буга байланыштуу улуттук агенттик кызыкдар ишкерлерди бул иш-чарага катышууга чакырат. Байланыш номерлери: 0312300232; +996222012000.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн