Жетинин айы 25, 2024
Убакыт: 03:13
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Чолпон-Ата шаарындагы маданият үйү «Барашек» ресторанына берилген

28.06.2022 15:22
521
Чолпон-Ата шаарындагы маданият үйү «Барашек» ресторанына берилген


Чолпон-Ата шаарындагы маданият үйү «Барашек» ресторанына берилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова билдирди.


Жыйында депутаттар шаардагы Ысык-Көл мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругунун жана Ысык-Көл облустук борборлоштурулган китепканасынын имараттарынын кейиштүү абалын талкуулашты.


Комитет төрагасы Бактыбек Сыдыков белгилегендей, жакында эл өкүлдөрү Чолпон-Ата шаарында көчмө жыйын өткөрүп, райондук китепканада болушкан.


«Китептердин коркунучтуу абалын карагыла. Маданият үйүнө, кинотеатрларга өткөрүп бере аласызбы?», - Бактыбек Сыдыков министрдин орун басарына кайрылды.


Салтанат Аманова клуб жеке ишкерлерге өтүп кеткен деп жооп берди.


«Буга чейин маданият үйүндө райондук китепкана бар болчу. Андан кийин ал "Барашек" ресторанына өткөн. Ошентип биз жерди жоготуп, автобекетке көчүрүп келип, ошол жактан ижарада турдук. Бизге жер бөлүп берүү боюнча жергиликтүү бийликке бир нече жолу кайрылганбыз. Бирок алар жардам беришкен жок», - деди Салтанат Аманова.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн