Бугу 12, 2024
Убакыт: 16:21
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Чолпон-Атада БА мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусу өтөт

18.07.2022 11:18
348
Чолпон-Атада БА мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусу өтөт


20-21-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбордук Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусу өтөт. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Жолгушууга Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев катышат.

“Өлкө лидерлери регионалдык коопсуздуктун чакырыктарына жана коркунучтарына биргелешип жооп кайтарууда Борбор Азия мамлекеттеринин өз ара аракеттенүүсүн бекемдөө боюнча пикир алмашат, региондун мамлекеттеринин туруктуу экономикалык өсүшүн камсыз кылуу максатында кызматташтыкты кеңейтүү перспективаларын, ошондой эле Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосундагы маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоо маселелерин талкуулашат”, - деди Муратбек Азымбакиев.

Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын кезектеги Консультативдик жолугушуусунун алкагында регион өлкөлөрүнүн ортосундагы достукту, ынак коңшулаштыкты жана кызматташтыкты чыңдоого багытталган документтерге кол коюу пландалууда.

Мындан тышкары, Президент Садыр Жапаров айрым өлкөлөрдүн лидерлери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн