Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 12:09
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Чолпон-Атада Борбордук Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жыйыны өттү

20.07.2022 16:00
482
Чолпон-Атада Борбордук Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жыйыны өттү


Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы алдында Борбордук Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууга Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди, Тажикстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Сирожиддин Мухриддин, Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов жана Түркмөнстандын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Шадурды Мередов катышты.

Жыйындын катышуучулары эртең, 21-июлда Чолпон-Ата шаарында боло турган Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын Консультативдик жолугушуусуна даярдыктын жүрүшүн талкуулашып, саммиттин күн тартибин жана жыйынтыктоочу документтердин долбоорлорун бекитишти.

Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Консультативдик жолугушууларынын форматы аймактык кызматташтыктын бардык маселелери боюнча пикир алмашуу үчүн маанилүү беш тараптуу аянтча катары өткөнү баса белгиленди. Тараптар бул форматтагы байланыштарды үзгүлтүксүз жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн жана аны мындан ары өркүндөтүү зарылдыгын белгилешти.

Жолугушуунун катышуучулары өз ара аракеттенүүнүн беш тараптуу форматын, анын ичинде “Борбор Азия+” форматтарын мындан ары өркүндөтүү зарылчылыгы жөнүндө бир добуштан пикир алышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Борбордук Азия мамлекеттеринин БУУ, ЕККУ, КМШ, ШКУ жана башка эл аралык уюмдардын алкагында жемиштүү кызматташтыгын, бул платформалардын алкагында өз ара колдоо көрсөтүп жатканын белгилешип, көп тараптуу форматтарда тыгыз кызматташууну улантуу ниетин билдиришти.

Мындан тышкары, жолугушуунун катышуучулары актуалдуу эл аралык жана аймактык маселелер боюнча пикир алышты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн