Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 13:39
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Чолпон-Атада Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ТИМ башчыларынын жыйыны өтөт

19.07.2022 10:32
636
Чолпон-Атада Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ТИМ башчыларынын жыйыны өтөт


Эртең, 20-июлда Чолпон-Ата шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы астында Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жыйыны өтөт.

ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди, Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин, Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов жана Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Владимир Норовдун катышуусу пландалууда.

Жыйындын жүрүшүндө тышкы саясий ведомстволорунун жетекчилери 21-июлда Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусуна даярдык көрүү иштеринин жүрүшүн талкуулашат.

Ошондой эле саммиттин күн тартибин жана жыйынтыктоочу документтеринин долбоорлорун карашат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн