Теке 07, 2024
Убакыт: 05:07
USD
85.70
86.60
EUR
92.60
93.60
RUB
0.955
1.000

Чолпон-Атада Камчы Асанбектин жакын тууганына катталган 1 га жер мамлекетке алынды

04.07.2024 14:03
125
Чолпон-Атада Камчы Асанбектин жакын тууганына катталган 1 га жер мамлекетке алынды


Чолпон-Атада Камчы Асанбектин (Көлбаев) жакын тууганына катталган 1 га жер мамлекетке алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, К.Асанбек 2023-жылы мыйзамсыз кирешелерди легалдаштыруу максатында Чолпон-Атадагы жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасынын 1 гектар аянттагы жер тилкесин жеке менчикке алып, аны У.А.К. аттуу жакын тууганынын атына каттагандыгы аныкталган.

Мындан улам УКМК тарабынан көрүлгөн тийиштүү чаралардын натыйжасында сметалык баасы 21 млн 315 миң сомду түзгөн аталган жер тилкеси КР министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине өткөрүлүп берилди.

Белгилей кетсек, атайын кызмат тарабынан К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун башка кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн аныктоо жана мамлекеттин кирешесине кайтаруу иштери улантылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн